KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Сот департаментинин жетекчилиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басарлары Кубат Черикчиев жана Джылдыз Рыскулова Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Операцияларды баалоо департаментинде баалоонун жетекчиси Карин Беккер менен жолугушушту. Ал Кыргыз Республикасындагы баалоо миссиясын жетектейт. Тараптар соттук чечимдерди аткаруу жаатында берилген техникалык жардамдарды, сот тутумун санариптештирүүдөгү натыйжаларды жана көйгөйлөрдү талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн аналитиги Алан Октябрь «Аткаруу өндүрүшү» Автоматташтырылган маалыматтык тутуму тууралуу презентация көргөзүп, тиешелүү суроолорго жооп берди. Иш чарага Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева,  Сот департаментинин Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо бөлүмүнүн башчысы Канатбек Осмонов, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов жана башка кызматкерлер катышышты.
Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы төш белги менен сыйланды
Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Данияр Сейитказиевге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгисин тапшырды. Ал жогорку кесипкөйлүгү, көп жылдык ак ниет эмгеги, кызматтык милдеттерин аткарууда демилгелүүлүгү жана активдүүлүгү үчүн сыйланды. Иш чарага ошондой эле Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова жана Ысык-Көл облусунун сот приставдары катышты.  
Сот департаментине видеоконференцсистеманын жабдуулары тапшырылды
Бүгүн, 2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин имаратында видеоконференцбайланыш жүргүзүүчү жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Жабдуулар Кыргыз Республикасындагы «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалы тарабынан 490 миң сомго жакын суммага сатылып алынып, берилди. Аталган жабдуу аркылуу видеоконференцбайланыш режиминде Судьялар кеңешинин отурумдарын жана презентацияларды өткөрүү пландаштырылууда. Тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев, «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалынын директору Уильям Альфред Хьюстон мырза, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Рустам Шабыев, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директорунун орун басары Григорий Мамыкин жана «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалынын өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетсек, аталган демөөрчүлүк колдоо Судьялар кеңешинин материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жакшыртуу боюнча 2023-2026-жылдарга «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун алкагында көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев Урмат Мелисович

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Биздин ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча Сиздерди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө биз даярбыз. «Жарандардын кайрылуулары» бөлүгүнө кайрылыңыздар.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев У.М.

Видео