KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова иш сапары менен Баткен облусунда болду
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова жана Сот департаментинин  Сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Жаназар Жумагуловдор кызматтык иш сапары менен Баткен облусунда болду. Кызматтык иш сапардын жүрүшүндө Баткен облусунун Сот приставдар кызматы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалы, иш бөлмөлөрү, өздүк курамдын ишмердүүлүгү жана көзөмөл-өткөрүү жайларынын абалы, жарандардын соттун административдик имараттарына кирип-чыгуу иштеринин уюшулгандыгы, сот отрумундагы тараптардын коопсуздуктары жана коомдук тартиптин сакталышы менен жеринде таанышуу жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө сот приставдары тарабынан ишмердүүлүккө байланыштуу берилген суроолорго практикалык жактан колдоо көрсөтүү иштери менен коштолду. Сот департаменти тарабынан демилгеленген жергиликтүү соттордун имараттарын видео-байкоо көзөмөл жабдуулары менен камсыздоо долбоору Баткен облусунда толугу менен бүгүнкү күндө ишке ашырылып, колдонууга берилгендиги маалымдалат. Видео-байкоо көзөмөл  жабдуулары сот приставдарынын көзөмөл өткөрүү жайына мониторго байланыштырылган. Бул учур нөөмөттү жүргүзүүгө жеңилдиктерди түздү. Соттун имаратынын жана аны курчап турган тилкесиндеги коопсуздукту жана укукка каршы иш аракеттерди алдын алып, бөгөт коюуга ылайыктуу шарт түзүлгөндүгү туурасында сот приставдары тарабынан жеринде кабарланды. Мындан сырткары Джылдыз Рыскулова Баткен облусунун Сот приставдар кызматынын өздүк курамынын форма кийимин кийүү жана айырмалоочу белгилерин туура, талапка ылайык тагынып жүрүүгө, сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга, мыйзамдардын талаптарын бекем сактоого жана жарандарга сылык мамиле кылууга чакырып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын ачылышы болуп өттү
2024-жылдын 20-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Токтосун уулу Каныбек, облустук соттордун төрагалары,  аймактагы  жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялар, Сот департаментинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты. Замирбек Базарбеков өз сөзүндө бир гана Кара-Көл шаары үчүн эмес, бүтүндөй сот тутуму үчүн маанилүү күн болуп жаткандыгын белгиледи.  Анткени, Кара-Көл шаардык сотунун жамааты  аянты кенен,  ыңгайлуу жерде жайгашкан башка имаратка көчүп киришти. “Белгилүү болгондой мындан эки жыл мурда Кара-Көл шаардык сотуна иш сапар менен атайын келип, судьялар менен аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүн, сот залдарынын жана архив сактала турган жайлардын кейиштүү абалын көрүп кеткем. Кара-Көл шаардык соту өз балансында имараты жоктугунан эски бала бакчанын бир бурчунда жайгашып келишкен. Имараттын ички абалы өтө оор, зээн кейитерлик акыбалда болчу. Имарат сот кызматкерлери үчүн талаптарга жооп бербей тургандыгын, чатырынын ар кайсы жеринен аккан суу сарыгып, бөлмөлөрүнүн шыбактары түшүп, жаан жаап бүткөндөн кийин дубалдары көгөрүп, ным жыттанып, ыңгайсыздыкты жаратып келген. Атүгүл шыптардан суулар агып, сот залдарынын  төбөсү түшүп калуу коркунучунда турган. Акыбалды көрүп, дароо Кара-Көл шаарынын мэри Талайбек Конкобаевди чакырып, аталган шаардык соттун кызматкерлери начар абалдагы имаратта иштеп жаткандыгын көрсөтүп, шаардын мэрине тез арада тийиштүү имарат караштырып берүүсүн айткам. Кара-Көл шаарынын мэри тарабынан Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты сунушталып, аталган имарат Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгына Кара-Көл шаардык мэриясы жана Кара-Көл шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан 2022-жылдын 24-октябрында өткөрүлүп берилген”, — деп билдирди Замирбек Базарбеков. Белгилей кетсек, аталган 1980-жылы курулган административдик имаратты оңдоп-түзөө иштерине 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Эки кабаттуу имаратта эми  2 судья, 7 аппарат кызматкери, 6 техникалык жана кенже тейлөө персоналдары эмгектенишмекчи. Жакынкы арада Алай райондук сотунун ачылышы күтүлүп жатат. Ал эми Кара-Суу райондук соту менен Таш-Көмүр шаардык сотторунун курулуш иштери башталып, дубалдары көтөрүлүп жатат. Мамлекет башчысынын колдоосу менен  жеткиликтүү жана ачык сот тартибин бекемдөө багытына ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, соттордун натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын Замирбек Базарбеков кошумчалады.
Сот департаментинин жетекчилиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басарлары Кубат Черикчиев жана Джылдыз Рыскулова Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Операцияларды баалоо департаментинде баалоонун жетекчиси Карин Беккер менен жолугушушту. Ал Кыргыз Республикасындагы баалоо миссиясын жетектейт. Тараптар соттук чечимдерди аткаруу жаатында берилген техникалык жардамдарды, сот тутумун санариптештирүүдөгү натыйжаларды жана көйгөйлөрдү талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн аналитиги Алан Октябрь «Аткаруу өндүрүшү» Автоматташтырылган маалыматтык тутуму тууралуу презентация көргөзүп, тиешелүү суроолорго жооп берди. Иш чарага Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева,  Сот департаментинин Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо бөлүмүнүн башчысы Канатбек Осмонов, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов жана башка кызматкерлер катышышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев Урмат Мелисович

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Биздин ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча Сиздерди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө биз даярбыз. «Жарандардын кайрылуулары» бөлүгүнө кайрылыңыздар.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев У.М.

Видео