KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык соода-сатык жарыялайт

05 декабря 2022

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан Кожомбердиев Тынчтыкбек Матисаковичке таандык Жалал-Абад облусу,  Базар-Коргон району, Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик-Жон айылы, Существующая көчөсү ном/жок дарегигинде жайгашкан пайдалуу аянты 137,76 кв.м, жашоо аянты 100,53 кв.м, жер участогунун аянты 2904,0 кв.м,  3-02-04-1003-0406 сандуу сыр белгиси менен катталган турак жайга биринчи жолу ачык аукцион жарыялайт.


Турак жайдын баштапкы (старттык)  баасы 404 395 (төрт  жүз төрт миң уч жүз токсон беш) сом.


Ачык аукцион 2022-жылдын 30-декабрында саат 14:00 до мүлк жайгашкан дааректе  жүргүзүлөт.


Ачык аукционго катышууну каалагандар аукцион боло турган күндөн 5 (беш) күн мурун мүлктүн баштапкы баасынын 5% ын ачык аукцион өткөрүлгөнгө чейин Базар-Коргон райондук САКБнүн депозиттик эсебине шертпул (кепилдик төлөм) катары төлөп берүү менен аукционго катыша алат. Ачык аукциондо утуп алган адамдын төккөн шерт суммасы сатып алуу баасына кошулат. Ачык аукциондо жеңилген катышуучуларга алдын ала төлөнгөн кепилдик суммалары аукцион аяктагандан кийин кайтарылып берилерин билдиребиз.


Ачык соода-сатыкта уткан адам 7 (жети) күндүн ичинде аукциондун алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү.


Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн депозиттик эсеп 4408032100000108 төлөм коду  14511900, ИНН 00501199510013 которулсун.


Өтө турган тооруктун уюштуруучусу Базар-Коргон райондук САКБнүн сот аткаруучусу Бугубаев М.Ж.


Байланыш телефону: (03736) 5-00-79,  (0770) 35-50-81.