KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

2017-жылдын  29-мартында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  Сот департаментинин  коллегиясынын отуруму болуп өттү

30 марта 2017

2017-жылдын  29-мартында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  Сот департаментинин  директорунун төрагалыгы астында өткөн коллегия  отурумунда  төмөнкү маселелер каралды:



  • Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратындагы башкармалыктардын жана бөлүм башчыларынын ,  областтык башкармалыктардын жетекчилеринин жана Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот” мекемесинин жетечисинин 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштердин отчетторун угуу;

  • талкуулоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымына жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине берилүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жылдык отчетун бекитүү.


Жыйынга коллегия мүчөлөрү, Сот департаментинин  борбордук аппаратындагы башкармалардын жана бөлүмдөрдүн башчылары,  областтык башкармалыктардын жетекчилери, башкы эсепчилери  жана Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот” мекемесинин жетечиси катышышты.


Жыйындын  күн тартибине коюлган маселелер каралып, талкууга алынып, коллегия тарабынан жылдык отчет бекитилди жана кетирилген кемчиликтерди жоюу, Сот департаментинин  иш аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды.


 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу


Сот департаменитинин басма сөз катчысы