KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен областынын Лейлек районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү тарабынан карызкого таандык кыймылсыз мүлк ачык соода-сатыкка коюлат

02 февраля 2021

Баткен областынын Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак айылында жайгашкан күрөөгө коюлган, карызкор Сайдуллаев Насриддин Мурадбаевичтин менчигине таандык, жалпы аянты 41,04 ч.м., жашоо аянты 26,04 ч.м. 2500 ч.м. жер аянтында жайгашкан №8-03-08-1001-1059 идентификациялык коду менен катталган турак жайы ачык аукцион тартибинде сатылат. Ачык аукциондо сатылуучу турак-жайдын алгачкы баасы 775 836(жети жүз жетимиш беш мин сегиз жүз отуз алты) сомду түзөт. Аукцион 2021-жылдын 12-март күнү саат 10:00гө күрөөгө коюлган мүлк жайгашкан жерде (Лейлек району Андарак айылында) өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;


2) мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет.


Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.


Аукционго катышууну каалаган адамдар Лейлек райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Имматов Ина Имматовичке толук маалымат алуу үчүн кайрылса болот.


Телефон: 0(3656) 5-04-40,   0771 11 80 90