KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык соода-сатык жарыялайт

20 февраля 2019

2019-жылдын 20-март күнү саат 16:00дө Баткен районунун Кара-Булак а/о Бужум айылында жайгашкан Солтонов Абдилла Жеенкуловичке таандык болгон 1500. м. кв. болгон жер участогу 502 000 сомдон башталган старттык баада ачык-соода сатык жарыяланат.


Соода-сатык Баткен шаарынын Коммунистическая көчөсүнүн № 31. дарегинде жайгашкан турак үйдүн короосунда өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндөгү жана аткаруу өндүрүшү» туралуу Мыйзамдын 84-ст. 4-б. каралгандай аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1. катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жоктугу жөнүндө тил кат берүүгө.


2. мулктун баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шерт пул төлөөгө.


Катышуучуларга билдирүү, аукционго катышуучулардын арызын кабыл алуу аукционго бир күн калганда бүтөт. Ал эми аукциондо утуп алган адам төлөгөн шерт пул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет жана торуктардын калган катышуучуларынын төлөгөн шерт пулдары тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күн ичинде кайтарылып берилеери түшүндүрүлөт.


Сурап билүү үчүн байланыш жумушчу телефон 0 3622 5 07 76. жана мобилдик байланыш +996 772 202 499». Баткен райондук САКБнүн улук сот аткаруучусу Ажимуратов Алмазбек Аскаралиевке кайрылсаныздар болот дареги Баткен шаары Коммунист көчөсү № 36.