KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Энелер күнү: сот аткаруучу айымдар

14 мая 2022

Ар жылы май айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстанда Энелер күнү белгиленет. Бул күн өзгөчө жылуулукка, аруулукка жана жашообуздагы эң маанилүү адамдарыбыз – энелерибизге болгон ыраазычылыкка бай майрам экени  талашсыз. Энелер күнү үй–бүлө очогунун камкорчусу болгон энелерге сый-урмат көрсөтүп, терең таазим кылуу сезимин билдирет.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  Сот департаментинде республика боюнча жалпысынан 200 дөн ашуун айым эмгектенет, алардын ичинен 57 айым сот аткаруучу кызматын аркалап келет.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  Сот департаментин директору Урмат Кожомбердиев Кыргызстандын бардык энелерин майрамы менен куттуктайт! Баарына чың ден-соолук, узак өмүр, бакыт жана бакубатчылык каалайт.


Аталган майрам 2012-жылы Президенттин Жарлыгы менен Кыргызстанда эненин статусун жана ролун, үй-бүлөнүн абалын жогорулатууга коомдун жана мамлекеттин көңүлүн буруу максатында эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен түзүлгөн.