Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев менен бирге Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында болочок Адилет үйүнүн учурдагы абалы менен таанышышты.
Эң алгач бул имарат Жалал-Абад шаарында «Алим Батыров» атындагы Элдердин Достугу Университети болгон. 2010-жылы июнь окуясынан кийин, Кадыржан Батыровдун мүлктөрүн улутташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун балансына өткөн.
2015-жылы аталган фонддун буйругу менен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына берилген. Үч кабаттуу жер төлөөсү менен болгон имараттын жалпы аянты 8640 чарчы метрди түзөт.
2022-жылдын 10-майындагы жогоруда аталган фонддун буйругунун негизинде имарат Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда ал имаратты соттордун ишин уюштуруу үчүн каралган талаптарга ылайык келтирүү максатында оӊдоп-түзөөнү ишке ашыруу боюнча смета даярдалды. Жакынкы күндөрү смета толук бекитилгенден кийин, оӊдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланат, ал эми 2022-жылдын аягында Адилет үйүн пайдаланууга берүү пландалууда. Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев бул имаратка Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун Административдик соттору жана Сот департаментинин облустук башкармалыгы, Жалал-Абад шаардынын Сот аткаруучулар кызматынын жана Сот приставдар кызматынын бөлүмдөрү жайгаштырылаарын, аны менен бирге аймактагы калк үчүн жагымдуу шарттар түзүлөрүн баса белгиледи.