KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин директору Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун имараттарынын абалдары менен таанышты

29 июня 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 29-июнунда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев менен бирге Сузак райондук, Жалал-Абад шаардык, облустук сотторунун жана Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун имараттарынын абалы жана материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.


Иш сапардын катышуучулары соттордун имараттарын, кызматтык жайларын, жумуш ордуларындагы иштөө шарттарын көрүштү. Жогоруда аталган соттордо сотко келген жарандар жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.


Ал эми түштөн кийин Базар-Коргон, Ноокен райондук сотторунун имараттарын карап чыгышты. Базар-Коргон райондук сотунун иш бөлмөлөрүнүн, сот отурумунун залдарынын тардыгына жана жетишсиздигине күбө болушту.


Ноокен райондук сотуна  кошумча бөлмөлөрдү улап салуу маселеси көтөрүлдү.


Ошондой эле, бардык соттордо сот отурумдарынын жүрүшүн аудио жана видео жазуу каражаттарына жазуу, автоматташтырылган маалымат тутуму жана судьялардын арасында иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү иштери көрсөтүлдү.