KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областык башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

20 декабря 2018

КыргызРеспубликасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областык башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт:


Каракол аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы – 1 бош орун, Жети-Өгүз райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы – 1 бош орун.


          Баардыгы 2 бош орун.


Бош ваканттык орундарга коюлган квалификациялык талаптар:



  • Кесиптик билим деңгээли:


-юриспруденция жаатында жогорку кесиптик билим.


2) иш стажы жана тажырыйбасы:


-мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы;


3) кесиптик компетенттүүлүгү:


КРнын «Сот приставдар жөнүндө», «Курал жөнүндө», «Соттук аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;


Шыгы:


— маалыматтарды чогултуу, анализдөө, систематизациалоо жана жалпылоо;


— аналитикалык документтерди даярдоо;


— мамлекеттик жана чет элдин тажырыйбаларын анализдөө жана практикада колдонуу;


— коллегалары менен эффективдүү иштешүү;


— ишкердик которуу жүргүзү;


— жаңы чөйрөдө иштешип кете алуу жөндөмү;


— тиешелүү кызамттык чөйрөдө иштөөгө багыталган;


— кызматтык бөлүмүндө өзүнүн милдеттерин аткаруунун чегинде иштин жыйынтыгын анализдөө, прогноздоо;


Ыкмалары:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада пайдалануу;


— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;


— нормативдик актылар менен иштөө жана практикада колдоно билүү;


— мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышуу;


— коллегалары менен эффективдүү иштешүү;


— жаңы чөйрөдө иштешип кете алуу;


Кызматтык милдеттери:



  • сот жыйналышы убагында имаратта, залдарда жана жайларда, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда коомдук тартипти камсыз кылуу жана сактоо;

  • процесстик иш-аракеттерди аткарууда сотко көмөктөшүү;

  • аткаруу иш-аракетгерин жасап жаткан учурда соттук аткаруучуларга көмөктөшүү;

  • соттордун имараттарьш жана жайларын, сот приставдары кызматынын имараттарын жана жайларьш, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарды жана жайларды кайтарууну камсыз кылуу;

  • «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарьш коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, судьяларды, сот арачыларын жана процесстин башка катышуучуларын кайтарууну, ошондой эле соттук аткаруучуларды жана аткаруу иш-аракеттерине катышкан адамдарды ушул иш-аракеттерди жасап жаткан мезгилде кайтарууну камсыз кылуу.


Талап кылынуучу документтер. Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы, өздүк баракчасы,өмүр баяны, 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт, паспортунун көчүрмөсү, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү, Психикалык жана Наркология борборунан маалымдама, соттолбогондугу тууралуу маалымдама (сот аткаруучуга). Паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт, аскердик билет же башка аскердик даярдык өткөндүгүн тастыктаган же альтернативдик даярдык өтөндүгү тууралуу документтеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн түрүндө) (бул талап аялдарга тиешелүү эмес)* (эскертүүнү караңыз); аскердик даарыгерлик комиссиянын жыйынтыгы (3-этаптан кийин);


Документтерди толук тапшырбаган жана квалификациалык талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынактын кийинки этабына киргизилбейт.


Эскертүү: “Сот приставдар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Сот приставынын кызмат ордуна дайындалуучу адамга коюлуучу талаптар.


Талапкерлердин документтери жарыя “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин бетине чыккан күндөн баштап 10 иш күн өткөнгө чейин саат 8.30 дан 17.30 га чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областык башкармалыгында  Каракол шаары, Кыштобаева көчөсү 70 даареги боюнча кабыл алынат, тел. 5-65-06, 0707 37 13 57.


Сынак тууралуу  маалыматты КРнын Мамлекеттик кадр кызматынынwww.mkk.gov.kg сайтынан жана  “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин 09.08.2018-жылдагы чыгарылышынан ала аласыздар.