KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кадамжай райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмү карызкор “Кадамжай” кооперативине таандык “Хлебзавод” объектисине эл алдында ачык биринчи жолку тоорук жарыялайт

16 мая 2022

Кадамжай райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмү, САКБунун аткаруусундагы №1853/22 сандуу аткаруу өндүрүшү боюнча, карызкор “Кадамжай” кооперативине таандык “Хлебзавод” объектисине эл алдында ачык биринчи жолку тоорук жарыялайт.


Биринчи жолку тоорук ИП “Садыкбаев Кубанычбек Акматалиевич” тарабынан кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоо жөнүндө 13.05.2022-ж., №2022/НП 05-01 сандуу баалоо отчетуна ылайык 2 167 000 сомго бааланган тейде тоорукка коюлсун.


Биринчи жолку тоорук 2022-жылдын 30-июнь күнү саат 15.00 кыймылсыз мүлктүн жайгашуусу боюнча Кадамжай районунун, Лангар айылынын Курманжан Датка №12 дарегинде болуп өтүшү дайындалсын.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


— катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;


— мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө Кадамжай райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө.


Сатып алуучу тоорук бүткөндөн кийин, тоорукту уткан жаран жети күндүн ичинде соода-сатык алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен берүүгө милдеттүү.


Өтө турган тооруктун уюштуруучусу Кадамжай райондук САКБүнүн ага сот аткаруучусу А.С. Мурзахалилов.


Тел: (03655) 5-04-63,  (0770) 587458, (0555) 107459