KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Жеңиш күнү менен куттуктады

07 мая 2022

9-майдын алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Кудаяров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Чүй облусуна караштуу Орто-Сай айылынын тургуну 97 жашар Туркенакун Бейшембаевди майрамы менен жалпы жамааттын атынан куттуктады. Жылдызбек Кудаяров ардагердин ден соолугунан кабар алып, ага узун өмүр каалап, материалдык жардам көрсөттү.


Ардагер ата Сот департаментинин жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирип, эли-жерибизге тынчтык жана бакубат жашоо кааларын билдирди.


Белгилей кетсек, Туркенакун Бейшембаев 1942-жылдын соңунда Украинанын, Белоруссиянын, Румыниянын, Венгриянын, Молдавиянын жана Чехословакиянын аймактарындагы салгылашууларга катышкан. Жарадар болгондон кийин кызматын уланткан. Ал Германияны жеңгендиги үчүн Ата-Мекендик согуштун 2-даражады ордени, Белоруссия, Молдавия жана Румынияны бошоткондугу үчүн Жуков медалы жана юбилейлик медалдар менен сыйланган. Тоң районунда Сельсоветтин төрагасы, Тоң райондук сактык кассасынын бөлүм башчысы, андан соң Тоң райондук мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ак ниет эмгеги үчүн «Москвич» автоунаасы жана Советтер Союзунун Каржы Министринин Ардак грамотасы менен сыйланган. Персоналдык песионер, Тоң районунун «Ардактуу атуулу», 8 баласы жана 50 небереси бар.