KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун жергиликтүү сотторунун айрым имараттары капиталдык оңдоого муктаж

28 июня 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 28-июнунда иш сапардын катышуучулары Ош облустук соту, Араван, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук сотторунун судьялары жана кызматкерлери менен жолугушуп, соттордун  материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев аталган соттордун имараттарынын абалдарын жана капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын  текшерди.


Көпчүлүк имараттарда иш бөлмөлөрдүн жетишсиздиги курч маселе болуп турганы айтылды. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынан Жогорку сотунун төрагасы Ош облустук сотунун имаратынын биринчи кабатынын сол тарабында Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгы ээлеген кабинеттерди бошотуп берүүнү сунуштады. Урмат Кожомбердиев аталган маселени чечүү тез арада колго алынарын белгилеп, мекеме Ош шаардык САКБ ээлеген имаратка көчүрүлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков делегация менен бирге Ош облусунун жергиликтүү сотторуна ротацияланган судьялардын  жашоо шарттары, имараттардын  абалдары менен таанышуу үчүн келген. Эртең иш сапары Жалал-Абад облусунда уланат.