KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чүй облусунун сот аткаруучуларынын ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору талкууланды

30 ноября 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгында облустун сот аткаруучуларынын жана сот приставтарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлүү маселелерди талкуулоо боюнча 2022-жылдын 28-ноябрында  кеңешме болуп өттү.


Жыйналышта Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Данияр Сейтказиев үстүбүздөгү жылдын 9 айында аткарган аткаруу өндүрүштөрүнүн жыйынтыктарына токтолуп,  сот аткаруучуларга  тараптардан келип түшкөн арыздарга өз убагында  жооп берүүсүн жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактап, ар бир жаранга сылык мамиле жасоону жана аткаруу өндүрүштөрүн өз убагында мыйзамдуу аткарылышын сот аткаруучулардан талап кылды.


Ошондой эле ар бир кызматкерден коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алып, эмгек тартиби боюнча  эрежелерди бекем сактоого чакырды.


Ал эми мындан ары аткаруу өндүрүштөрүнө көзөмөл жана талаптар күчөтүлгөрүн белгилеп, улук сот аткаруучулар тарабынан аткаруу өндүрүштөрүн натыйжалуу аткарылышы боюнча мониторинг  жүргүзүп,  аткаруу жыйымдары боюнча натыйжалуу иш аткарылышын талап кылып, бир катар протоколдук тапшырмаларды берди. Мындан тышшкары сот приставтарына резонанс жараткан (үйдөн чыгаруу, киргизүү жана мыйзамсыз курулуштарды бузуу) аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө сот аткаруучуларга көмөк көрсөтүү талаптары да коюлду.


Жыйынга Чүй облусунун башчысы, облустук башкармалыгынын адистери, улук сот аткаруучулар жана улук сот приставдар катышышты.