KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот аткаруучуларга сот актыларын аткаруунун сапатын жогорулатуу жана эң башкысы алимент өндүрүү боюнча тапшырмалар берилди

17 мая 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгында сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйналыш болуп өттү.


Жолугушууда облустун САКБнүн улук сот аткаруучулары тарабынан берилген статистикалык отчеттору боюнча биринчи кварталда аткарылган иштеринин негизги көрсөткүчтөрү жана натыйжалары талкууланды. Мындан тышкары, сот актыларын аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аткаруу өндүрүштөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маселелер каралды.


Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев сот аткаруучулардын ишинин пайыздык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, талдоо жана мониторинг жүргүзүү маселелерине токтолду. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча облустун САКБнүн сот аткаруучуларына сот актыларын аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, тактап айтканда алимент өндүрүү боюнча негизги тапшырмалар берилди.


Ошондой эле Жолдош Асаналиев сот аткаруучулар жарандар менен түздөн-түз иш алып баргандыктан, алардын ишин жакшыртуу жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасынын принциптерин жана ченемдерин сактоо боюнча өзүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын берди.