KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот тутумунун кызматкерлери үчүн турак жай куруу боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду

30 ноября 2022

2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн фундаменталдык негиздери талкууланып, жыйынтыгында бардык зарыл иштерди аткаруунун укуктук негизи болгон турак жай куруу боюнча кызматташуу жөнүндө үч тараптуу макулдашуу түзүлдү.


Аталган  макулдашуунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу саналат.


Эске салсак, 2022-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан №599 сандуу буйрук чыгарылган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментине «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен биргеликте Бишкек шаарынын, Юдахин көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан жаңы турак үйлөрдүн курулушун аяктоо боюнча бирдиктүү заказчы болуу тапшырылган.