KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык тоорук жарыялайт

22 сентября 2022

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук САКБ тарабынан, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Басркоон айылынын, Эшмамбет көчөсүндө жайгашкан №5 үйүн  идентификациондук сыр белгиси № 2-02-03-1001-0364 менен катталган турак үйүн ачык соода-сатыкка коёт.


Турак үйдүн баштапкы (старттык) баасы 610 043 (алты жүз он миң кырк үч) сом.


Ачык соода-сатык 2022-жылдын 28-октябрында саат 10:00 до мүлк жайгашкан даректе, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын, Эшмамбет көчөсү, №5 үйүндө жүргүзүлөт.


Сатыкка катышууну каалагандар сатык боло турган күнгө бир күн калганга чейин мүлктүн баштапкы баасынын 5 пайызын соода-сатык өткөрүлгөнгө чейин Жети-Өгүз райондук  САКБнүн депозиттик эсебине кепилдик төлөм катары төлөп берүү менен сатыкка катыша алат. Соода-сатыкта утуп алган адамдын төккөн кепилдик суммасы сатып алуу баасына кошулат. Соода-сатыкта жеңилген катышуучуларга алдын ала төлөнгөн кепилдик суммалары соода-сатык аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кайтарылып берилерин түшүндүрөт.


Соода-сатыкта уткан адам 7 (жети) күндүн ичинде соода-сатыктын алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү.


Жети-Өгүз райондук САКБнүн депазиттик эсеби: ОАО РСК Банк Кызыл-Суу филиалы, э/сч 4404022100000425, БИК440402, лицевой счет 4404022100000425, толоо коду14238900, назначение: соода-сатыкка катышуу үчүн.


Байланыш телефону: 0-3946-51-2-36, Жети-Өгүз райондук САКБнүн сот аткаруучусу Талантбекова М.Т., дареги Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Ибраев көчөсү №57.