KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун сот аткаруучулары жана сот приставдары үчүн соттор менен өз ара аракеттенүү боюнча семинар өткөрүлдү

29 ноября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 29-ноябрында, Жалал-Абад облустук сотунун конференц-залында облустун сот аткаруучулары менен сот приставдары үчүн соттор менен өз ара аракеттенүү жана иш алып баруу жаатында маалымат берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан семинар уюштурулду.


Иш чараны Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова саламдашуу сөзү менен ачып, семинардын максаты жана өтүлүүчү тематика жаатында сөз баштады. Андан соң, сот приставдар кызматынын өздүк курамына Мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, ак ниеттүүлүк менен иш алып барууга чакырды.


Андан кийин Нарын облустук сотунун судьясы Бекмухаммет Мусурманкулов видео конференц байланышы аркылуу сот приставдарынын сот отурумдарындагы ички тартипти көзөмөлдөөдөгү алардын милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле күндөлүк практикалардан улам пайда болгон маселелер тууралуу түшүндүрмө берип, келип чыккан суроолорго жооп берди.


Ал эми Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Нурлан улуу Чыңгыз сот отурумунда орун алган укук бузууларга карата протоколдорду толтуруу жана Укук бузуунун бирдиктүү реестрине каттоо, киргизилген протоколдун жыйынтыгын аягына чейин көзөмөлдөөнүн жол-жоболору боюнча маалымат берди.


Мындан сырткары Сот департаменти тарабынан кабыл алынган Сот приставдар кызматынын ички эмгек тартиби жөнүндө эрежеси боюнча жергиликтуу сот приставдарынын арасында түшүндүрүү иштери Сот департаментинин сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдоөө башкармалыгынын башкы адиси Жаназар Жумагулов тарабынан жүргүзүлдү.


Иш чара жыйынтыкталган соң, Кыргыз Республикасынын башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан болочок Адилет үйүндөгү сот приставдар кызматынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызматтык бөлмөлөрүндө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты.