KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Балыкчы шаардык сотунун имаратынын расмий ачылышы болду

26 апреля 2018


2018-жылдын  25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин   директору  Рустам   Ибраимовдун  катышуусунда  Ысык-Көл облусунун  Балыкчы  шаардык сотунун  имаратынын  расмий ачылышы болду.


Иш-чарага  Өкмөттүн   Ысык-Көл   облусу  боюнча  ыйгарым  укуктуу өкүлү Узарбек  Жылкыбаев, Ысык-Көл  облустук  сотунун судьясы, ошондой эле  Балыкчы шаардык сотунун  аппаратынын  кызматкерлери жана судьялар катышты.


Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун   Төрайымы  Айнаш  Токбаева өз  сөзүндө  имараттын ачылышы  бул  Балыкчы шаары үчүн эле эмес, бүтүндөй  өлкөнүн сот системасындагы  тарыхый  күн  жана маанилүү  окуя  катары саналаарын белгиледи. Ошондой эле, ал  сот системасын  реформалоонун эң  негизги багыттарынын  бири  — бул  сот  системасындагы  обьекттерди  материалдык-техникалык  жактан  жакшыртуу жана сот адилеттигин  ишке  ашырууга шарттарды  түзүү.


Буга  чейин   Балыкчы  шаардык  сотунун  аппаратынын  кызматкерлери жана судьялар  тар  жайларда  иштеп  келишкендиктен, жарандар  өз кезектерин    коридорлордо, ал эми  жаан-чачындуу күнү эшикте күтүүгө туура  келген. Кыргыз Республикасынын Судьялар боюнча кеңешинин чечими  менен  Балыкчы  райондук сотуна имарат алынып берилген. Кароосуз калып, тонолгон имарат кыска убакыттын ичинде калыбына келтирилип, тийиштүү  оңдоолор  жүргүзүлдү. 2016-жылдын 30-декабрында имарат баланска өткөрүлүп,  2017-жылдын күзүндө калыбына келтирүү-куруу иштери башталган. Алдыңкы күнү оңдоо иштери толугу менен аяктаган.


Эки  кабаттуу имаратта соттук  отурумдун  2 залы,  башка бөлмөлөр судьялар жана сот аппаратынын  кызматкерлерине,   архивге, жашы жете электер үчүн  бөлмө,   күзөтчүлөргө  жай жана текшерүү-өткөрмө пункту бар. Имараттын  бардык  калыбына -келтирүү куруу иштери  коррупциялык иштерге  бөгөт  коюу, соттук жараяндын катышуучуларынын, сот аппаратынын кызматкерлеринин,  соттордун,  судьялардын  коопсуздугу заманбап  талаптарды   эске алуу  менен  жүргүзүлгөн.