KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү соттордо болушту

30 ноября 2022

Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов, башкармалыктын бөлүм башчысы Улукбек Назаров, башкы адис Абдумиталип Маккамбаев жана улук сот приставы Нурислам Искандаров Баткен облустук Сот аткаруучулар жана Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн 9 айлык иштеринин жыйынтыгы менен жеринде таанышышты.


Жыйындардын жүрүшүндө алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланып, ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.


Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине ок атуучу куралдарды сактоо жана дене тарбия даярдыгын жогорулатуу боюнча бир катар түшүндүрмөлөр берилди.


Мындан тышкары, иш сапары менен облустун жергиликтүү сотторуна барышып, анда ведомствонун балансында турган автоунааларды жана жабдыктарды инвентаризациялоо жана материалдык-техникалык  жактан камсыздоо маселелери талкууланды.