KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюу иштерине жигердүү катышышты

14 мая 2022

2022-жылдын 4-майынан 5-майга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Миң Өрүк айылында  450 турак үйдү суу каптаган.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери башкармалыктын башчысы Абдулхаким Таштемировдун жетекчилиги алдында  Бакыт Матиев аттуу жарандын турак үйүн селдин кесепеттеринен жоюуга ыктыярдуу түрдө жардам беришти.


Ыктыярчылар үйдүн кире беришин ылай менен кумдан, ошондой эле селдин кесепетинен келип чыккан урандыларды жана топурактарды тазалоого көмөк көрсөтүштү.


Бакыт Матиев жалпы жамаатка чоң ыраазычылыгын билдирип, мындай кырдаалда жабыркагандарга «жардам колдору» керек экендигин жана адамдар ыктыярчылардын көмөгүнө жана колдоосуна муктаж экендигин белгиледи.


Ыктыярчылар — булар кайрымдуулук, боорукерлик жана мээримдүүлүк тартуулаган кең жүрөк адамдар.