KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери өлкө аймагы боюнча ишенбиликке чыгышты

02 апреля 2018

2018-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарыялаган үч айлыгынын алкагында Сот департаментинин облустук башкармалыктары жана  Сот департаментинин   сот аткаруучулар  кызматы аймакты жашылдандыруу жана өркүндөтүү боюнча ишенбилик өткөрүштү. “Таза жашоо” улуттук кампаниясынын алкагында жакынкы белгилүү чекти санитардык жактан тазалоо, көчөттөрдү отургузуу, арыктарды тазалоо  сыяктуу иштер жүргүзүлдү.


Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Р.Ибраимов тарабынан жеринде ишенбиликти өткөрүүгө жоопкерчилик облусттук башкармалыктардын башчыларына жана САКБнын улук сот аткаруучуларына тапшырылды. Мындай  ишенбиликтер үч айдын ичинде ар дайым өткөрүлүп турат.