KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот тутумунун кызматкерлеринин арасында болгон кичи-футбол боюнча мелдеште Сот приставдары биринчи орунду багындырышты

01 февраля 2019

Сот кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү, жайылтуу жана ынтымакты бекемдөө  багытында жана жыл сайын салтка айланып калган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун   төрайымынын кубогуна карата республикалык мелдешке  даярдык  көрүү боюнча өткөн жылдан баштап, кичи футбол боюнча  Нарын облусундагы сот кызматкерлеринин кубогу уюшулган эле. Өткөн жуманын аягында Нарын облустук соту тарабынан уюштурулган турнир Нарын шаарында өткөрүлдү. Ага Нарын облусундагы шаардык, райондук соттордон башка Жалал -Абад облусунун Тогуз-Торо райондук  сотунун аппаратынын кызматкерлери дагы келип катышты.


Мелдештин соңунда жарым финалга Нарын  облустук сот департаментинин алдындагы сот приставдарынын, Ак-Талаа  Ат-Башы  райондук сотторунун жана Нарын облустук сотунун сот кызматкерлеринин командалары өз ара бет келишти. Биринчи орунду сот приставдары, экинчи орунга Ак-Талаа райондук сотунун жана үчүнчү орунга Нарын облустук  сотунун  командалары ээ болушту.


Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты чабуулчу” сыяктуу  номинациялар  боюнча да  татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушту.


Нарын облусунун сот кызматкерлеринин арасында уюштурулган    бул турнир   мындан ары   ар бир квартал сайын   уланып, кезектеги турнир апрель айнда Кочкор райондук соту тарабынан уюштурулмай болду.