KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаменти Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгиледи

10 декабря 2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде залкар жазуучу,  мамлекеттик ишмер Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата, “Эне тил жана Ч. Айтматов” аталышындагы үч айлыктын алкагында иш чара болуп өттү.


Аталган иш чарага Кыргыз Уллутук Илимдер Академиясынын Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Айнура Кыдырмамбетова, Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Уллутук комиссиянын жетектөөчүү адиси Абдыжапар уулу Мундузбек, кыргыз элине “Саркашка” каймана аты менен белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиев,  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.Ибраимов, статс-катчысы  Сталбек Калмаков, директордун орун басары Таалайбек Мукалаевдер катышышты.


Иш чаранын алкагында Сот департаментинин бөлүмдөрүнүн жана башкармалыктардын арасында сынак уюштурулуп өттү. Сынактын катышуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларынан  үзүндүү көрсөтүшүп, көркөм окуп, монолог айтып беришти.  Ошондой эле жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы жөнүндө тасма көрсөтүлүп, мамлекеттик тил боюнча доклад угулду.


Иш чаранын максаты –Сот департаменттин кызматкерлеринин Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгуусун арттыруу, өз-ара байланышты чыңдоо жана  активдүү  катышуучуларды колдоо болуп саналат.


Аталган иш чаранын соңунда  Ч.Айтматовдун чыгармалары жөнүндө акыл таймаш суроо-жооп оюну ойнотулуп, сынактын женичүүлөрүнө сыйлык тапшыруу менен жыйынтыкталды.