KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облусунун Сот приставдарына төш темир белгиси берилди

25 апреля 2018

Сот департаментинин Нарын облусундагы башкармалыгында сот приставдарына төш темир белгисин салтанаттуу тапшыруу аземи болду. Сот департаментинин Нарын  облустук башкармалыгынын башчысы Р.Болотбековдун катышуусунда Нарын облусу боюнча улук сот приставы Э.Жунусалиев жаңы дайындалган сот приставдарына төш темир белгисин тапшырды.


Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында, 10 адам сот приставы  кызматына кабыл алынып, ант беришкен. Өз кезегинде, Сот департаментинин Нарын облусундагы башкармалыгынын  имаратын  оңдоодон  өткөргөндөн  кийин, сот приставдарын жайгаштыруу үчүн оргтехника жана офистик эмеректер менен жабдылган бөлмөлөр бөлүнүп берилген.


Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, сот приставдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда формалык кийим кийишет жана кызматтык такстыктама, бирдей үлгүдөгү темир төш белгиси, ошондой эле эмблема алып жүрүшөт.


Сот департаментинин буйругу менен бекитилген “Сот приставдарынын кызматтык темир төш белгисинин эсеби жана аларды  берүү, тагынып жүрүү, сактоонун тартиби жөнүндө” инструкциясына жана  сот приставдарынын бөлүштүрүлгөн штатттык эсебине  ылайык, ар бир темир төш белгисинде персоналдуу төрт номери бар.


Сот приставдарынын кызматтык темир төш белгиси КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин  2016-жылдын 6-декабрындагы буйругу менен бекитилген.