Нарын аймактык сот приставдар кызмат бөлүмүнүн улук сот приставы Жолдошбек Шамбетов жана Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Канимет Шокенов жабырлануучуларды Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна 2022-жылдын 28-ноябрында саат 15:00 до мажбурлап жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүштү.
Мажбурлап айдап келүү Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын 1-ноябрындагы токтомунун негизинде аткарылды.