KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунун сот приставдары тарабынан мажбурлап айдап келүү ишке ашырылды

01 декабря 2022

Талас облусунун Бакай-Ата району боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары С. Мырзабаев, Н. Акматов тарабынан жабырлануучу Т.Н.ди мажбурлап алып келүү боюнча токтомдун негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда боло турган сот отурумга жеткирилди.


Талас облусунун Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары улук сот приставы Абитай уулу Арабек жана К. Молдалиев  тарабынан күбө Д.Б.ны мажбурлап алып келүү боюнча токтомдун негизинде Манас райондук сотуна өз убагында жеткирилди.


Ошондой эле Талас облусунун Кара-Буура райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн улук сот приставы М. Абазбеков  тарабынан жабырлануучулар Д.А., О.С. жана Ш.Н.ди мажбурлап алып келүү боюнча токтомдун негизинде Талас шааардык сотуна боло турган сот отурумга алып келинди.