KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү акыны Омор Султановдун катышуусу менен Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш чара өткөрүлдү

12 декабря 2018

2018 жылдын 11 декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгында Ч.Айтматовду 90 жылдыгына карата “Эне тил жана Ч.Айтматов” үч айлыгынын алкагында тегерек столу өткөрүлдү.


Салтанаттуу иш-чара  Сот департаментинин Чуй облустук башкармалыгынын  башчысынын  Данияр Сейтказиевдин саламдашуу сөзү менен башталды.


Иш чаранын ардактуу коногу Кыргыз Республикасынын  коомдук ишмери, прозаик, акыны Омор Султанов болду. Ал Ч.Айтматов менен  замандаш, курдаш катары  эскерүүсү менен бөлүшүп, залкар жазуучу, коомдук ишмердин дүйнөлүк адабият жана маданиятына кошкон зор салымын  белгилеп кетти.


Ошондой эле тегерек столго Манас-Түрк университетинин филология илимдеринин кандидаты, доцент Рахат Алишова, Чүй облусунун экономикалык иштер боюнча район аралык сотунун судьясы Ашырбек Курманов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комияссиянын жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев катышышты.


Сот аткаруучулар Ч.Айтаматовдун чыгармаларынын негизинде сценка коюшуп, кызматкерлер жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрүн көркөм окуп беришти. Андан тышкары тегерек столдун алкагында мамлекеттик тил маселеси талкуланды. Иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасынын сот системасында мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча өз көз караштарын билдиришти.