KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында мамлекеттик кызматкерледин этикасы боюнча семинар өткөрүлдү

21 декабря 2018

2018 жылдын 20 декабрында Сот департаментинин Нарын областтык башкармалыгында сот аткаруучулардын үстүнөн жарандар тарабынан  кайрылган арыздардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу  мамлекеттик кызматкерлердин этикалык маданиятынын денгээлин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү.


Семинардын жүрүшүндө этика боюнча комиссиянын төрайымы Ж.Алсеитова башкармалыктын кызматкерлерин этика Кодекси менен тааныштырып, мамлекеттик кызматкерлердин  жүрүм-туруму, кийим-кече стили боюнча эскертип, өз кезегинде комиссиянын мүчөсүү Ф.Эгенбердиева этика кодексинин ар бир пунктары баюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Сот аткаруучулар жарандар тарабын агрессия, орой мамиле көрсөтүлөнгөнүн белгилеп кетишти. Комиссия мүчөлөрүнө сот аткаруучулар тарабынан арыздарды кароодо калыс чечим кабыл алуу сунушталды.


Семинардын максаты мамлекеттик мекемелердеги мамлекеттик кызматкерлердин этикалык маданиятынын сапатын жогорулатуу жана жарандарга карата жалпы моралдык-адеп-ахлактык нормаларын сактоо болуп  саналат.