KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун сот аткаруучулары жана сот приставдары үчүн атайын семинар өткөрүлдү

30 ноября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 30-ноябрында, Ош облустук сотунун конференц-залында  облустун сот аткаруучулары менен сот приставдарына соттор менен өз ара аракеттенүү боюнча семинары улантылды.


Иш чараны Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова ачып, сөздү Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаевге берди.


Өз кезегинде облустук соттун төрагасы демилгеленип жатка иш-чаранын актуалдуулугу туурасында кеңири сөз кылып, бул жаатта мындан ары облустук деңгээлде жергиликтүү соттун судьяларынын катышуусунда семинарларды уюштурууну колго алаарын билдирип, ыраазычылык сөзүн айтты.


Жергиликтүү сот приставдарына сот отурумдарындагы ички тартипти көзөмөлдөө, соттор менен өз ара аракеттенүү жаатында түшүндүрүү иштерди Нарын облустук сотунун судьясы Бекмухаммет Мусурманкулов видео конференц байланышы аркылуу жүргүздү.


Окутуу учурунда сот аткаруучулар жана сот приставдар ишмердүүлүктө жаралган суроолорун узатышып, тиешелүү жоопторду ала алышты.


Ал эми, Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурорлору Нуркыл Ниязбеков жана Эдил Муратбековдор жергиликтүү сот аткаруучулар жана сот приставдарына Укук бузуунун бирдиктүү реестрине каттоо эрежеси боюнча кеңири маалымат беришти.


Семинардын жүрүшүндө, талкууланган маселелер жана жол эрежелерин бузган жарандарга карата толтурулган административдик протоколдор тууралуу, мүчүлүштүктөрдү жоюу, жакынкы аралыкта водомстволор аралык жолугушууну облустук ички иштер башкармалыгы,  облустук прокуратура, Ош облусунун сот аткаруучулары жана сот приставдарынын  катышуусунда тегерек столдун форматында жолугушуу уюштурууну макулдашышты.


Иш чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова семинардын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.