KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Республиканын аймактарында аткаруу өндүрүшүнүн новеллалары боюнча семинарлар өткөрүлүүдө

13 мая 2022

«Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бирдиктүү колдонуу максатында 2022-жылдын 11-12-майында Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан региондордо аткаруу өндүрүшүнүн новеллалары боюнча сот аткаруучулар үчүн Ысык-Көл жана Нарын облустарында семинарлар өткөрүлдү.


Тренерлер «Камсыз кылуу чараларын көрүү тартиби», «Өлкөнүн чегинен тышкары жакка чыгууга убактылуу чектөө коюу», «Тооруктарды өткөрүү тартибине өзгөртүү киргизүү», «Жазык иштери боюнча айыпты өндүрүү тартиби» сыяктуу бир нече маанилүү темаларды ачып беришти.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар аларды кызыктырган бардык суроолорго мазмундуу жооп алышты. Андан соң сот аткаруучулардын ишмердүүлүгү боюнча маселелер талкууланды.


Ошондой эле сот аткаруучулар менен болгон жолугушуунун алкагында директордун орун басары Джылдыз Рыскулова аткаруу өндүрүшүнүн жүргүзүүдө сот аткаруучулардын коррупциялык аракеттеринин алдын алуу, бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошону  менен бирге ал сот аткаруучуларды аткаруу өндүрүшүндөгү тараптардын укуктарын бузбоого чакырды.


Ушундай эле жолугушуулар Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Чүй облустарында да өткөрүлмөкчү.


Тренерлер: Чүй облусунун Аламүдүн районунун САКБнун сот аткаруучусу Светлана Николаевна жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча САКБнун улук сот аткаруучусу Бекмухаммет Мусурманкуловдор болушту.


Семинарлар «Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгү -2-фаза» Программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.