KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Таласта кайрымдуулук иш чарасы уюштурулду

02 декабря 2022

Эл аралык майыптар күнүн утурлай 2022-жылдын  1-декабрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы кайрымдуулук иш чарасын өткөрдү.


Сот департаментинин мурдагы  кызматкери Бурулкан Кулдаева ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласын тарбиялап жаткандыгына байланыштуу акчалай жардам көрсөтүлдү.


Бурулкан Кулдаева Талас райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчү болуп  2007-2015-жылдары эмгектенген.


Аталган иш чарага облустук башкармалыктын  кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучулары катышышты.


Эске салсак, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү белгиленип келет.