KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жогорку сотто 2019-2022-жылдарга эсептелген Мамлекеттик максаттуу программа талкууланды

10 декабря 2018

2018-жылдын  7-декабрында  Кыргыз Республиксынын Жогорку сотунда “Мамлекеттик максаттуу программа: жетишкендиктер жана  мындан аркы  келечектер” деген аталыштагы тегерек стол болду.


Иш чарага  Кыргыз Республиксынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева, Төрайымдын орун басарлары Каныбек Бокоев жана Нургуль Асанова,  Жогорку соттун  судьялары Бактыгуль Аманалиева  жана Айбек Давлетов, Судьялар кеңешинин төрагасы Абылай Мухамеджанов, Сот департаментинин директору Рустам Изираилович жана статс-катчысы Сталбек Калмаков,   жергиликтүү соттордун төрагалары, КРнын   Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, мамлекеттик  органдардын жана   эл аралык  өнөктөш   уюмдардын  өкүлдөрү катышышты.


Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрайымы Гульбара Калиева  2019-2022-жылдарга эсептелген Кыргыз Республикасынын сот тутумун  өнүктүрүүгө багытталган  Мамлекеттик максаттуу программаны Судьялар  кеңеши кылдат карап  чыгышын талап кылды. Мындан тышкары жаңы жылдан баштап кирип жаткан 5 кодекс жана 3 мыйзам боюнча    өткөрүлө турган иш чаралар туурасында маалыматтар  аталган программада  толук камтылган  эмес.  Жаңы мыйзамдар менен кошо эле Кылмыштардын  жана жоруктардын бирдиктүү реестери, автоматташтырылган маалымат системасы, сотторду  аудио жана видео жазуулар  менен толук  камсыз кылуу иштери тургандыгын эскертти.


Тегерек столдун катышуучулары  Кыргыз Республикасынын  сот тутумунун стратегиялык өнүгүүсүнүн  негизги багыттарын  аныктоо үчүн жүргүзүлгөн  функционалдык анализди талкууга алышты.  Сот тутумунун  күчтүү жана алсыз жактарын, соттордун ишмердүүлүгүнүн  эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек, сот тутумун өнүктүрүүдөгү коркунучтар менен  тобокелчиликтерден  айрылуунун жолдору туурасында маселелерди көтөрүштү.


Тегерек  столдун жүрүшүндө  2019-2022-жылдарга эсептелген Кыргыз Республикасынын сот тутумун  өнүктүрүүгө багытталган  Мамлекеттик максаттуу программасы  кабыл  алынып калса, анын  иштешин  көзөмөлдөө жана  ага мониторинг жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүү сунушу киргизилди.


Белгилей кетүүчү жагдай,  буга  чейин Кыргыз Республикасынын  Соттор кеңеши  тарабынан 2019-2022-жылдарга эсептелген Кыргыз Республикасынын сот тутумун  өнүктүрүүгө багытталган  Мамлекеттик максаттуу программаны иштеп чыгуу боюнча  чечим кабыл алынган.  Стратегиялык  документти иштеп чыгуу үчүн  бийликтин  үч  бутагынын өкүлдөрү  кирген  жумушчу  топ  түзүлгөн: сот, мыйзам чыгаруу  жана аткаруу бийлиги. “2019-2022-жылдарга эсептелген Кыргыз Республикасынын сот тутумун  өнүктүрүү” долбоору  өлкөдөгү  сот ситемасын өнүктүрүүдөгү   стратегиялык  пландаштыруу боюнча экинчи документ болуп саналат.