KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин директорунун орун басары Талас облусунун жергиликтүү сотторунун имараттарынын абалы менен таанышты

01 июля 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 2022-жылдын 1-июлунда Талас облусуна иш сапары менен келди.


Төрага менен бирге Талас облусуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев,

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Шабыев барышты.


Иш сапарга Талас облустук сотуна баруу менен башталды.


Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев иш сапардын катышуучуларын сот органынын иши: жумушчу кабинеттердин, сот жыйындарынын залдарынын жана архивдин абалы менен тааныштырды, ошондой эле автоматташтырылган «Сот» маалымат тутумунун иштеши, судьялардын ортосунда иштерди бирдей бөлүштүрүү жана сот отурумдарын аудио-видео фиксациялоо тутумун колдонуу үчүн жооптуу программа көрсөтүлдү.


Андан соң, Талас шаардык сотунун жана Талас облусунун Административдик сотторунун имараттарын абалы, материалдык-техникалык камсыздоосу менен таанышышты. Бардык соттордо сот отурумунун залдары жана кызматтык жайлары чакан, иш бөлмөлөрү жетишсиз экени белгилүү болду.