Жалал-Абад шаарынын сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү тарабынан, күрөөгө коюлган Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсүндө жайгашкан №182 үйдүн №38 батири, идентификациялык сыр белгиси 3-10-01-0017-0003-01-038 саны менен катталган Бакиров Мыктыбек Эмилбековичге таандык, жалпы пайдалануу аянты 55,7 кв.м. жашоо аянты 37,3 кв.м., түзгөн турак-жай биринчи жолу ачык соода-сатыкка коюлат.
Турак-жайдын баштапкы (старттык) баасы 502 679 (беш жүз эки миң алты жүз жетимиш тогуз) сом.
Ачык соода-сатык «26» мартта 2021-жылы саат 10:00 дө мүлк жайгашкан даректе жүргүзүлөт.
Сатыкка катышууну каалагандар сатык боло турган күндөн беш күн мурда мүлктүн баштапкы баасынын 5% ин соода-сатык өткөрүлгөнгө чейин, Жалал-Абад шаарынын САКБнүн депозиттик эсебине кепилдик төлөм катары төлөп берүү менен сатыкка катыша алат. Соода-сатыкта утуп алган адамдын төккөн кепилдик суммасы сатып алуу баасына кошулат. Соода-сатыкта жеңилген катышуучуларга алдын ала төлөнгөн кепилдик суммалары соода-сатык аяктагандан кийин кайтарылып берилерин түшүндүрөт.
Соода-сатыкта уткан адам жети күндүн ичинде соода-сатыктын алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен төөлөгө милдеттүү. Жалал-Абад шаарынын сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн депозиттик
эсеби “РСК Банк” аркылуу. ИНН: 00501199510013 БИК: 440001, төлөм коду: 14511900 э/счет 4408012100000241
Байланыш тел: (0553) 07-12-09.
Жалал-Абад шаарынын САКБнүн сот аткаруучусу — Ташболотов У.Т.