KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова сот приставдарынын 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү

30 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарынын жана облустук Сот приставдар кызматынын үстүбүздөгү жылдын 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча жыйын өткөрүлдү.


Кеңешме Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулованын жетекчилиги алдында, облустук Сот приставдар кызматынын улук сот приставдарынын жана сот приставдарынын катышуусунда өткөрүлдү.


Жыйында 2025-жылдын 9 айындагы негизги көрсөткүчтөр, аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер жана келечектеги пландар каралды. Ар бир облус өзүнүн баяндамасын берип, жетишкен натыйжаларды жана көйгөйлүү маселелерди белгилеп өтүштү.


Сот приставдар кызматында негизги ишмердүүлүк боюнча статистикалык көрсөткүчтөр жогорулаганы белгиленди. Тактап айтканда, мажбурлап алып келүү токтомдорун аткарууда, сот приставдарынын сот отурумдарында коопсуздукту камсыз кылуу жаатында өсүүлөр байкалган.


Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова өз сөзүндө бул көрсөткүчтөрдү мындан ары дагы жогорулатууга багытталган иштерди аткаруу зарылдыгын белгиледи.


Мындан сырткары, сот приставдарын материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча бир топ иштер аткарылганын жана анын жыйынтыгы менен сот приставдарына формалык кийим, атайын каражаттар, сот имараттарында күзөттү жүзөгө ашырган кызматкерлер зарыл болгон техникалык буюмдар жана каражаттар менен камсыз болгонун айтып өттү.


Эң негизги жана маанилүү жетишкендиктин бири бул – Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүн кызматтык автоунаа менен камсыздоо экендигин кошумчалады.


Мындан кийин, Джылдыз Рыскулова Сот приставдар кызматында антикоррупциялык саясат боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырып, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алып, иштин ачык-айкындыгын камсыз кылууга жана жарандардын ишенимин бекемдөөгө чакырды.


Сот приставдарынын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту күчөтүү, этикалык нормаларды сактоо жана ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.


Кеңешмени жыйынтыктап, Джылдыз Рыскулова жалпы кызматкерлерге кайрылып, сот приставдары менен чогуу иштөө талыкпаган эмгек, жоопкерчилик жана өз ара урмат менен коштолгон жемиштүү мезгил болгонун белгиледи. Сот приставдар кызматынын кызматкерлеринин колдоосуна, ишенимине жана кесипкөйлүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ар бир жетишкендик — бул жамааттык аракеттин натыйжасы экенин баса белгилеп, кызматкерлерге тынчтык, ынтымак жана кесиптик өнүгүүнү каалады.


Жыйындын соңунда Джылдыз Рыскулова кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жогору баалоо, аларды мындан ары да жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу иштөөгө шыктандыруу максатында, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Сот департаментинин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.