Бүгүн, 2025-жылдын 25-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлери менен бирге Сот департаментинин аймагында ишембилик өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер мекеменин айланасын таштандылардан, куураган чөптөрдөн жана түшкөн жалбырактардан тазалашып, газондор менен гүлзарларды иретке келтиришти. Ошондой эле кызматкерлер иш бөлмөлөрүндө жана кызматтык жайларда тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Мындан сырткары, айрым кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин имаратынын аймагында да ишембиликке катышып, анын айланасын тазалап, газондорду жана гүлзарларды иретке келтирип, таштандылардан, куураган чөптөрдөн жана түшкөн жалбырактардан арылтышты. Ошондой эле иш бөлмөлөрдө да иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликтерди өткөрүү — сот органдарынын имараттары менен аймактарында тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыздоого багытталган. Күз мезгилинде санитардык абалды жакшыртуу максатында мекеме айланасын тазалоо боюнча жумалык ишембиликтерди өткөрүү улантылмакчы.


