2025-жылдын 16-17-октябрында Бишкек шаарындагы Кыргыз дене-тарбия спорт «Динамо» коомдук бирикмесинин спорт комплексинде Чүй облусунун Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жыл сайын өткөрүлүүчү дене тарбия даярдыгы боюнча сынактарды тапшырышты.
Спорттук иш-чара «Сот приставдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Чүй облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Токтобек Абельдиевдин демилгеси менен уюштурулду.
Нормативдерди тапшыруу белгиленген жаш курактык категорияларга жана убакыттык көрсөткүчтөргө ылайык өткөрүлдү. Эркектер 3 чакырымга жана 100 метрге чуркоо, турникке тартылуу жана кол менен жерден түртүнүү көнүгүүлөрүн аткарышты.
Аялдар 1 чакырымга жана 100 метрге чуркоо, ошондой эле курсак булчуңдарын чыңдоо көнүгүүсүн (пресс) жасашты.
Буга чейин ушундай эле иш-чара Баткен облусунда да өткөрүлүп, анда сот приставадары дене тарбия даярдыгы боюнча сынакты белгиленген талаптарга ылайык ийгиликтүү тапшырышкан.
Мындай иш-чаралар сот приставдарынын кызматтык милдеттерин натыйжалуу жана сапаттуу аткаруусуна, физикалык даярдыкты жогорулатууга, ошондой эле тартипти бекемдеп, чыдамкайлыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


