Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында жана облустун Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүндө кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттерге даярдыгын жогорулатуу максатында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлүп, өрт коопсуздугу, өрттүн алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда көрүлө турган чаралар боюнча түшүндүрмөлөр жана практикалык сабактар уюштурулду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин адистери кызматкерлерге өрттүн алдын алуу чаралары, электр шаймандарын коопсуз колдонуу, өрт өчүрүү каражаттарын туура пайдалануу жана өрт чыккан учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча кеңири маалымат беришти.
Ошондой эле сот приставдары адамдарды жана мүлктү эвакуациялоо, өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу жана жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
Аталган иш-чаралар кызматкерлердин коопсуздук маданиятын калыптандырууга, жоопкерчилигин жана өзгөчө кырдаалдардагы даярдыгын жогорулатууга багытталган.


