KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди

31 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 31-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди.


Иш-чарага Жогорку Соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев, Төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Төраганын жардамчысы Жыргалбек Жаныбеков, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, директордун орун басарлары Канатбек Осмонов жана Джылдыз Рыскулова, ошондой эле Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери катышышты.


Салтанаттуу иш-чарада Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Сот департаментинин тарыхый маанисине жана анын сот системасын өнүктүрүүдөгү ордуна токтолду.


“Өткөн жылдар аралыгында Сот департамети өлкөбүздүн сот тутумунун ажырагыс бөлүгү катары калыптанып, сот бийлигинин натыйжалуу иштешин камсыз кылууда зор салым кошууда. Мында соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жана жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо Сот департаментинин ролу өзгөчө”, – деди Төрага.


“Учурда материалдык-техникалык база чыңдалып, сот органдарынын имараттарынын инфраструктурасы жаңыланып, аймактарда Сот адилеттик үйлөрү жана жергиликтүү соттордун имараттары курулууда.


Аны менен катар, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаты жана стандарттары жогорулап, санариптик технологиялар жана автоматташтырылган тутумдар кеңири киргизилүүдө. Бул өзгөрүүлөр жарандар үчүн сот бийлигин ачык жана жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзүүдө.

Ал эми сот системасынын өнүгүшү — бул мамлекетибиздин туруктуулугунун жана жарандардын ишениминин кепилдиги болуп саналат.


Кесипкөйлүктүн, калыстыктын жана мамлекеттик кызматтын үлгүсүн көрсөтүү менен өлкөбүздө жүрүп жаткан сот реформаларынын ийгиликтүү ишке ашуусунда, сиздердин эмгегиңиздер маанилүү орунда турат”, — деп белгиледи ал.


Ошону менен бирге Медербек Сатыев Сот департаментинин пайдубалын түптөп, анын өнүгүүсүнө зор салым кошкон ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирди.


Белгилей кетсек, Сот департаментин өзүнчө түзүмгө бөлүү сот реформасынын алкагында 1994-жылдын 1-ноябрында ишке ашырылган. Натыйжада сот тутумунун ишин уюштуруучулук жактан камсыздоонун жаңы укуктук негиздери түзүлүп, ал сот бийлигинин өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын камсыздоого кеңири жол ачкан.