KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу: Сот департаментинде мамлекеттик тилге арналган идеологиялык иш-чара өттү

25 ноября 2025

2025-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары – Сот департаменти) борбордук аппаратында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү.


Аталган иш-чарага Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, анын орун басары Канат Осмонов, борбордук аппараттын жана Бишкек шаарынын сот приставдар бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Иш-чаранын мейманы катары  Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышып, уңгужолдун максаты жана андагы мамлекеттик тилдин орду тууралуу кеңири маалымат берди.


Сот департаментинин директору «Мамлекеттик тил – маданияттын казынасы, өнүгүүнүн ачкычы» аталышындагы иш-чараны ачып, өз сөзүндө мамлекеттик тил — улуттун маданий байлыгы, коомду бириктирген маанилүү символ жана ар бир кызматкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн башкы көрсөткүчү экенин баса белгиледи. Мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү заманбап мамлекеттик башкаруунун, сот тутумунун эффективдүү иштешинин жана жалпы коомдун өнүгүүсүнүн негизин түзөт — деди. Сот департаментинин жетекчиси мекеменин кызматкерлерин тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларды талкуулоого жана мамлекеттик тилди күнүмдүк кесиптик иш-аракеттерде колдонууга чакырып, анын коомдогу ордун жана аброюн бекемдөөгө салым кошууга үндөдү.


Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш секторунун башчысы Назира Сагыналиева «Улуттук дем– дүйнөлүк бийиктик” уңгужол идеологиясынын негизги багыттары болгон таалим-тарбия, илим, билим жана маданият; айлана-чөйрөнү коргоо; экономика; мамлекеттик тил; социалдык мамилелер; дене тарбия жана спорт, дин тууралуу маалыматтык презентация жасады.


Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун концепциясы боюнча кененирээк ой бөлүшүп, ал өз сөзүндө -«Кыргыз тили колдоого муктаж эмес, бүгүнкү күндө колдонууга муктаж» экенин баса белгиледи.  Ошондой эле М.Мураталиев мамлекеттик тилдин эгемендүү өлкөдөгү өзгөчө орду, кыргыз элинин орток тилинин тарыхы жана уникалдуулугу, анын жазуусу тууралуу маалымат берип, катышуучулардын кызыгуусун арттырган бир катар суроолорго жооп берди. Ал кыргыз тилинин улуттук биримдикти бекемдөөгө жана дүйнөлүк маданий мейкиндикке кирүүдөгү маанилүүлүгүнө токтолуп, мамлекеттик тилди коомдун бардык тармактарында толук колдонуу шарттарын түзүүгө чакырды.


Иш-чаранын жыйынтыгында М.Мураталиевге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин «Өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн»  медалы тапшырылды. Бул ведомстволук сыйлык, анын мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү багытындагы кесиптик жетишкендиктерин жана тыгыз кызматташкандыгын  аригинелеп, ошону менен катар «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолдун концепциясын ишке ашырууда улуттук баалуулуктарды сактоого жана аларды келечек муундарга руханий мурас катары өткөрүп берүүгө кошкон салымын белгилеп турат.


Иш-чара Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш сектору тарабынан уюштурулуп, департаменттин облустук башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн аталган иш- чаранын жеткиликтүүлүгү Facebook социалдык баракчасындагы түз эфир аркылуу камсыздалды.