KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Департаменттин тарыхы

22 июня 2017

Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин түзүлүшү


Кыргыз Республикасы көз карандысыздык алышы менен республикада сот системасына реформа жүргүзүү зарылчылыгы бышып жетилген.


Конституциялык принцип бийлик бөлүштүрүүдө сот бийлиги өкмөттүк курамдан жана аткаруу бийлигинен көз каранды эместигин болжолдогон. Соттордун өз алдынча ишмердүүлүгү  сот органдарын уюштуруусуз,  кадрдык,  материалдык-техникалык жана маалыматтык  жактан камсыздоосуз мүнкүн эмес, ошондуктан жаңы, принципиалдуу, дайыма аракеттеги өз алдынча башкаруудагы сот органын түзүү зарылчылыгы келип чыккан.


Мына ушуга байланыштуу, 1994-жылы июль айында Кыргыз Республикасында  соттордун биринчи учредительдик сьезди өткөрүлгөн. Жыйынтыгында,  соттук органдар жамааты — Соттор кеңешине караштуу Соттук администрация жана Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешин түзүү сунушу киргизилген.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылы 1-ноябрындагы №290 Жарлыгы менен штатттык саны 36 адамды түзгөн  Кыргыз Республикасынын  Судьялар  кеңешине караштуу Сот администрациясы түзүлгөн.


Буга чейин Юстиция министрлигинин балансында турган соттордун ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыз кылуу боюнча функциясы (финансылык, материалдык-техникалык, автотранспорттук ж.б.) Сот  администрацияга  өткөрүлүп берилген.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылы 21-майда №170 Жарлыгы менен штатттык саны 36 адамды, тейлөөчү персоналдар 23 адамды  түзгөн  Кыргыз Республикасынын Сот департаменти түзүлгөн.


Кыргыз Республикасынын Сот департаменти төмөнкү максатта  түзүлдү:


Кыргыз Республикасында жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо, бошотуу жол-жоболорун  КР Конституциясына ылайык келтирүү максатында;


Республиканын сотторунун  натыйжалуу иштешине шарттарды түзүү максатында;


соттордун ишмердүүлүгүн камсыз кылууда сот бийлигинин көмөкчү органы  сапатында  Сот департаменти жана анын курамдык бөлүмдөрү, республикалык бюджеттен каралган,  бөлүнгөн каражаттардын алкагында  сотторду каржылоо, жалпы юрисдикциядагы сотторду материалдык-техникалык  жактан  камсыздоону  жүзөгө  ашыруу, маалыматтык камсыздоо, соттук статистика жүргүзүү, мындан тышкары соттук актылардын аткарылышын камсыз кылат.


1996-жылдан 1998-жылга чейин  штаттык саны 36 адамды түзгөн.


1999-жылдары тейлөө персоналдардан тышкары  мамлекеттик кызматкерлердин штаттык саны 47 адамга көбөйгөн.


Мамлекеттик башкаруудагы борбордук органдын  курамын калыптандыруу жана аткаруу бийлигинин системасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көтөрүү, мындан аркы  башкарууну  өркүндөтүүгө багытталган административдик реформаларды өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2 000-жылы 28-декабрында №363 Жарлыгы менен Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу бардык мурдагы  функциялары өзүндө  калуу менен Сот департаменти болуп кайра түзүлгөн.  Штаттык саны ошол убакта тейлөөчү  персоналдардан тышкары  47 адамды түзгөн.


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын бардык жергиликтүү сотторун жана Жогорку Арбитраждык сотторду , Жогорку, Конституциялык сотторду материалдык-техникалык, финансылык камсыздоону   жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун жана Жогорку Арбитраждык соттордун,  Жогорку, Конституциялык соттордун аппаратынын кызматкерлерин социалдык-тиричилик, медициналык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырган.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылы 19-октябрындагы  №300 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн мындан ары финансылык, материалдык-техникалык жактан өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде  Жогорку Арбитраждык сотту,  Жогорку, Конституциялык сотторду материалдык-техникалык жана финансылык жактан  камсыздоону Сот департаментинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Президентинин  Иш Башкармалыгына   өткөрүлүп берилген.


Штаттык саны тейлөөчү  персоналдардан тышкары  36 адамга кыскарган.


Бул чечим республиканын жогорку сотторунун ишмердүүлүгүн  материалдык-техникалык жана финансылык жактан  камсыздоону жакшыртуу максатында кабыл алынган, анткени Министрликке караштуу өзүнчө ведомстволук орган аркылуу  жогоруда көрсөтүлгөндөй каржылоо,  зарыл болгон реалдуу  суроолорго  жооп бербейт.


Бирок, бул абал деле туура эмес, анткени  кабыл алынган чечимдин негизинде республиканын жогорку сотторун ресурстук камсыздоосун жакшырткан күндө деле, соттордун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Башкармалыгына болгон көз карандылыгы калып калууда.


Бара-бара иштеп жаткан мыйзамдардын жаңылануусу, жаңы республикалык ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын эске алып, бул маселени чечүү үчүн судьяларды , соттук аппараттын кызматкерлеринин  квалификациясын көтөрүү, кайра даярдоо  үчүн 1998-жылы январь айында  Сот департаментинин ведостволор аралык бөлүмү катары саналган Кыргыз Республикасынын судьяларынын  Окуу борбору ачылган.


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти (мындан ары- Сот департаменти) тарабынан сот системасын өз убагында каржылоо жана материалдык-техникалык базасын бекемдөөнү жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн.


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.08.2001-ж №423 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти жөнүндө ” Жобого ылайык,  Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин курамдык бөлүгү катары саналып,  Кыргыз Республикасынын сот органдарын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча аткаруу-тескөөчү функцияны жүзөгө ашырган.


Мындай абал  Юстиция министрлиги бул системага киргендиктен,  сотторду жалпысынан мамлекеттик бийликтин аткаруу бутагына болгон көз карандылыгына алып келген. Учурдагы абал талашсыз, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги болуп бөлүнүүнүн конституциялык принциптерине карама-каршы келет.


2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “ КР мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө”  2005-ж. 30.11.2005-жылдагы  №607 Жарлыгына ылайык,  борбордук аппараттын мамлекеттик кызматкерлеринин  штаттык саны тейлөөчү персоналдардан тышкары 29 адамга кыскартылган. Бул штаттык сан 2008-жылдын апрель айына чейин сакталган.


Сот реформасын анык жана ийигиликтүү жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 21.04.2008-жылдагы №143 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору жана Кыргыз Республикасынын  Сот департаменти жөнүндө” Жарлыгы менен Сот департаменти Юстиция министрлигинин жетегинен чыгарылып жана бийликтин сот бутагындагы өз алдынча орган кылып кайра түзүлдү.


Өз алдынча мамлекеттик органдын – сот бийлигинин органын – Кыргыз Республикасынын Сот департаментин түзүү, баарыдан мурда, заманбап убакыттын талаптары чакырган, бийликтин көз карандысыз сот бутагын түзүү болду. Бул Жарлыкты аткаруу максатында, борбордук аппараттын штаттык саны 13 кишиге (273) көбөйтүлгөн, анын ичинен 3 киши Судьялар Кеңешинин, Сот адилеттүүлүгү иштери боюнча Улуттук кеңештин иштеринде иштешет.


2011-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы №39 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө” Мыйзамынын күчүнө кирүүсү менен Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу болуп калды.


Сот департаменти, аскер сотторунан тышкары, жергиликтүү соттордун ишин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырууга, мыйзам менен каралган, мыйзамдык күчүнө кирген соттук жана башка актыларды аткарууну камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган башка мүнөздөгү иштерди аткарууга чакырылган.


2016-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик кызматкерлеринин штаттык санын Сот приставдар кызматын  эске алуу менен 617 кишиге көбөйтүү макулдугу берилген.


Республикада Сот приставдар кызматынын түзүлүшүнүн башталышы 2017-жылдын 31-январындагы   мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын Реестрин кабыл алуудан башталат.  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы чечими менен Сот приставдар кызматынын мамлекеттик кызматкерлеринин санынын чеги аныкталган.


Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” Мыйзамын аракетке киргизүү максатында Кыргыз Республикасында Сот приставдары кызматын түзүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин системине уюштуруу –штаттык түзүмүн бекитүү үчүн Сот департаментинин буйругу менен 2017-жылдын 17-февралында №57 Сот департаментинде Сот приставдары жана анын аймактык кызматтары жана  бөлүмдөрү бекитилген.


Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын штаттык саны 121 кишини түзөт, анын ичинде 84 – мамлекеттик кызматчы, 37 – техникалык жана кичи тейлөөчү персоналдар. Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын штаттык саны 124 — мамлекеттик кызматкерлердин бирдигин түзөт, Кыргыз Республикасынын Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн сот аткаруучулары – 380 кишини түзөт. Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн сот приставдары –440 кишини түзөт.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кыргыз Республикасынын Башкы сот аткаруучусу болуп саналат, ал эми директордун бир орун басары — Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы болуп саналат.


Сот департаменти, өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарын жана башка мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин  жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндө”  Жобону жетекчиликке алат.