KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

05 мая 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Референдумда

(бүткүл элдик добуш берүүдө)

кабыл алынды


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ


(Кыргыз Республикасынын 2021 жылдын 5 майындагы Мыйзамы менен кабыл алынды)



Биз, Кыргыз Республикасынын эли,


өз тагдырыбызды өз алдынча чечүү укугун туу тутуп;


укук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыз кылуу максатында;


чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп;


ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап;


Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп;


мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүп;


адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана урматтоого умтулууну ырастап;


жалпы адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды таанып;


социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуп;


элдин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эсте сактап;


азыркы жана келечек муундардын алдында Мекен үчүн жоопкерчиликти түшүнүп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.


БИРИНЧИ БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ


I ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН САЯСИЙ НЕГИЗДЕРИ


1-берене



  1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) — көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.

  2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана бардык аймагына жайылтылат.

  3. Кыргыз Республикасы ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

  4. Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат.

  5. Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.

  6. Кыргыз Республикасынын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш чыгууга укуктуу.


2-берене



  1. Конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктоо Кыргыз Республикасынын элинин эгемен укугу болуп саналат.

  2. Кыргыз Республикасында элдик бийлик бийликтин толугу менен элге таандыктыгы, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жеткиликтүүлүк принциптерине негизденет.

  3. Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.

  4. Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ болот.

  5. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.

  6. Мыйзам менен тыюу салынган каржылык, администрациялык жана башка ресурстарды пайдалануу менен шайлоочулардын эркин шайлоосуна таасир этүүгө тыюу салынат.


3-берене



  1. Кыргыз Республикасынын чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис.

  2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзам менен аныкталуучу администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.


4-берене


Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик төмөнкү принциптерге негизделет:


— бүткүл эл тарабынан шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү;


— мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ырааттуу иштөөсү жана аракеттенүүсү;


— өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн гана жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгы;


— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын ажыратылышы;


— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын коррупция үчүн шарттарды түзгөн аракетине (аракетсиздигине) тыюу салуу;


— мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын эл алдындагы конституциялык-укуктук жана башка жоопкерчилиги.


5-берене



  1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.

  2. Мамлекеттик бийликти күч колдонуп басып алууга жана мыйзамсыз кармап турууга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын тартып алууга багытталган аракеттерге жол берилбейт.


Мамлекеттик бийликти узурпациялоо — өзгөчө оор кылмыш.


6-берене



  1. Ушул Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

  2. Конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституциянын негизинде кабыл алынат.

  3. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.


Эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуунун тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.



  1. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кирүүсүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.

  2. Жаңы милдеттерди белгилеген же жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.


7-берене



  1. Элдик Курултай — коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын.


Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.



  1. Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат.


8-берене



  1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана коргоо үчүн саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн.

  2. Саясий партиялар коомдогу ар кандай социалдык катмарлардын жана топтордун көп түрдүү саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт.

  3. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:


1) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларын кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын партиялык ишти аткарышына;


2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияны колдоп чыгышына;


3) диний жана этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;


4) жарандардын бирикмелеринин аскерлешкен кошуундарды түзүшүнө;


5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.



  1. Саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер өзүнүн каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылат.


9-берене



  1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

  2. Дин жана бардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

  3. Диний бирикмелердин, дин жана ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.


10-берене



  1. Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет.

  2. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.

  3. Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот.

  4. Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн.

  5. Чектелүүгө жаткан иш-чаралардын тизмеги, жеткиликтүүлүгү жана жайылтылуусу чектелген маалыматтардын тизмеги мыйзам менен белгиленет.


11-берене



  1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык жана согуштук максаттарды көздөбөйт.


Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык түзүлөт.



  1. Кыргыз Республикасына жана жамааттык коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы агрессия жасалган учурларды кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттик ички саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

  3. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен ынтымак жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташуу, ааламдык жана аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүү принциптеринде жанаша жашоого умтулат.


12-берене


Кыргыз Республикасында өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана согуш абалы Конституцияда жана мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилет.


13-берене



  1. Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили.


Мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.



  1. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

  2. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет.


14-берене



  1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго — Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануунун тартиби мыйзам менен белгиленет.

  2. Бишкек шаары — Кыргыз Республикасынын борбору.


Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп саналат. Республикалык маанидеги шаарлардын статусу мыйзам менен аныкталат.



  1. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом болуп саналат.


II ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ


15-берене



  1. Кыргыз Республикасында менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрү бирдей деңгээлде таанылат жана корголот.

  2. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт. Мурастоо укугу кепилденет.


Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга мыйзамда белгиленген тартипте соттун чечими менен гана жол берилет.


Мыйзамда аныкталган коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу ал мүлктүн наркынын жана мүлктү ээликтен ажыратуунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын ала камсыз кылуу жолу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.



  1. Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.

  2. Кыргыз Республикасы өз жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле чет мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.

  3. Тарыхый-маданий мурас эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объекттер жана табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналат, алар мыйзам менен өзгөчө корголот.


16-берене



  1. Жер, жер казынасы, аба мейкиндиги, суулар, токойлор, жайыттар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары — Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналат.

  2. Жер жана жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-тиричилигинин негизи катары бирдиктүү экологиялык тутумун сактоо жана туруктуу өнүгүү максатында пайдаланылат, алар мамлекеттин контролунда жана өзгөчө коргоосунда турат.

  3. Жер, жайыттарды жана токойлорду кошпогондо, менчиктин жеке жана муниципалдык түрүндө болушу мүмкүн.


Жер чет өлкөлүк жарандардын жана чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактардын жеке менчик укугунда болушу мүмкүн эмес.



  1. Жердин менчик ээлеринин укуктарын коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.


17-берене



  1. Кыргыз Республикасы экономикалык ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт.

  2. Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүү багыттары улуттук программаларда чагылдырылат.

  3. Мамлекет инвестицияларды жана инвестициялык ишмердүүлүк субъекттерин мыйзамда аныкталган тартипте коргоого кепилдик берет.


18-берене



  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын камтыйт.

  2. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык тутуму иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.


19-берене



  1. Мамлекет элдин бакубат жашоосуна жана аны социалдык коргоого камкордук көрөт.

  2. Кыргыз Республикасы жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоону, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.

  3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн тутумун өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат.


20-берене



  1. Үй-бүлө — коомдун негизи. Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турат.

  2. Атаны, энени урматтоо жана камкордук көрүү — балдардын ыйык парзы.

  3. Балдар — Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.


III ГЛАВА. КООМДУН РУХАНИЙ-МАДАНИЙ НЕГИЗДЕРИ


21-берене



  1. Мамлекет адам укугун жана эркиндигин кемсинтпеген наркты, үрп-адаттарды жана салттарды сактоо менен Кыргызстан элинин маданиятынын өнүгүүсүнө камкордук көрөт.

  2. Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо — элдин ыйык салты.

  3. Мамлекет Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт.

  4. Мамлекет этностор жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылат.


22-берене



  1. Коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү илимий изилдөөлөргө, заманбап технологияларга жана инновацияларга таянат.

  2. Мамлекет менчиктин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын колдойт.


Мамлекет ар бир окуучуга, окутуунун сапатына жана педагогикалык кызматкерлердин статусун жогорулатууга камкордук көрөт.


Мамлекет мамлекеттик билим берүү уюмдарынын ишин каржылайт жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылат.



  1. Мамлекет илимди, илимий-чыгармачылыкты өнүктүрүүнү, илимий-технологиялык жетишкендиктерди, ачылыштарды, инновацияларды жана ойлоп табууларды колдоого алат.


Мамлекет илимий мекемелерди жана уюмдарды каржылайт жана колдоого алат, аларды өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашырат.



  1. Мамлекет илимий-техникалык прогресске өбөлгө болгон илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону камсыз кылат.

  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ырааттуулук жана илимий прогресстик принциптерге негизденүү менен фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координациялайт.


ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ, ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ


I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕР


23-берене



  1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.


Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт.



  1. Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

  2. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

  3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

  4. Конституцияда белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт.

  5. Тыюу салуулар боюнча Конституцияда белгиленген кепилдиктер эч кандай чектөөгө жатпайт.


24-берене



  1. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде жана өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылат.


Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес.


Басмырлоого жол берген адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.


Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган жана мыйзамда белгиленген атайын чаралар басмырлоо болуп саналбайт.



  1. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.

  2. Кыргыз Республикасында эркектер жана аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.


II ГЛАВА. ЖЕКЕ УКУКТАР ЖАНА ЭРКИНДИКТЕР


25-берене



  1. Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.

  2. Ар бир адам өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардын өмүрүн жана ден соолугун зарыл болгон коргонуу чегинде укукка каршы кол салуудан коргоого укуктуу.


26-берене



  1. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.

  2. Балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо — атасынын да, энесинин да бирдей укугу жана милдети. Эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдары ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү.

  3. Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ.


27-берене



  1. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

  2. Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат.

  3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги атасына жана энесине, камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөт.

  4. Мамлекет жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга 18 жашка чейин камкордук көрөт, тарбиялайт жана окутат. Ошол эле учурда аларга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билимди акысыз алууга шарт түзөт. Аларга социалдык камсыздоо көрсөтүлөт.


28-берене



  1. Кыргыз Республикасында кулчулукка, адамдарды сатууга жол берилбейт.

  2. Балдардын эмгегин эксплуатациялоого тыюу салынат.

  3. Согуш, табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну, ошондой эле сот чечимин аткаруу тартибин кошпогондо, мажбурланган эмгекке тыюу салынат.


Аскердик, альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө тартуу мажбурланган эмгек болуп эсептелбейт.


29-берене



  1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийгистигине, абийиринин жана ар-намысынын корголушуна укуктуу.


Кыргыз Республикасында адамдын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис.



  1. Эч ким инсандын абийирине жана ар-намысына доо кетирген же аны кемсинткен маалыматты тараткандыгы үчүн жазык куугунтугуна алынышы мүмкүн эмес.

  2. Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот чечиминин негизинде гана жол берилет.

  3. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, купуя маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

  4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты мыйзамсыз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укуксуз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.


30-берене



  1. Ар бир адам өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак жайынын жана башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Эч ким ээсинин эркине каршы алар пайдаланып турган турак жайга жана башка объекттерине кире албайт.

  2. Тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүгө жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укуктук ээлигиндеги турак жайга жана башка объекттерге кирүүсүнө сот чечиминин негизинде гана жол берилет.

  3. Мыйзамда каралган өзгөчө учурларда соттун чечимисиз тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүгө жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укуктук ээлигиндеги турак жайга жана башка объекттерге кирүүсүнө жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат.

  4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.


31-берене



  1. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.

  2. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. Чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет.


Кыргыз Республикасынын жарандарынын тоскоолдуксуз кайтып келүү укугуна эч кандай чектөө коюлбайт.


32-берене



  1. Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу.

  2. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

  3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

  4. Басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат.


33-берене



  1. Ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу.

  2. Ар бир адам мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги жана уюмдардагы өзү жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

  3. Ар бир адам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардагы кызмат адамдарынын, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

  4. Ар бир адамга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматка жеткилүктүүлүк кепилденет. Маалымат берүү тартиби мыйзам менен аныкталат.


34-берене



  1. Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

  2. Ар бир адам өзүнчө же башкалар менен бирге каалаган динин тутууга же эч бир динди тутпоого укуктуу.

  3. Ар бир адам диний жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана тутууга укуктуу.

  4. Эч ким өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.


35-берене


Ар бир адам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринен (аракетсиздигинен) келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алууга укуктуу.


36-берене


Ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу.


III ГЛАВА. САЯСИЙ УКУКТАР


37-берене



  1. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.

  2. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу.

  3. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

  4. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.

  5. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына ар бир адам кайрылууга укуктуу.

  6. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгышталып жаткан каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.


38-берене


Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз. Мындай чектөө мыйзам менен мамлекеттик башка кызмат орундары үчүн да белгилениши мүмкүн.


39-берене



  1. Ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

  2. Тынч чогулушту өткөрүүнү камсыз кылуу максатында ар бир адам мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлама берүүгө укуктуу.

  3. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары жана катышуучулары тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарламанын жоктугу, кабарламанын түрү, мазмуну жана берүү мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

  4. Тынч чогулуштардын уюштурулушу жана өткөрүү тартиби мыйзам менен аныкталат.


IV ГЛАВА. ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК УКУКТАР


40-берене


Ар бир адам өзүнүн мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.


41-берене


Ар бир адам экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүгү үчүн өз жөндөмүн жана өзүнүн мүлкүн эркин колдонууга укуктуу.


42-берене



  1. Ар бир адам эмгек эркиндигине, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек шарттарына жана эмгекти коргоого укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алууга укуктуу.

  2. Ар бир адам эс алууга укуктуу.

  3. Жумуш убактысынын максималдуу узактыгы, жумасына эс алуунун минималдуу убактысы жана акы төлөнүүчү жылдык өргүү, ошондой эле эс алуу укугун жүзөгө ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

  4. Жарандар иш таштоого укуктуу. Иш таштоолорду өткөрүү тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.


43-берене



  1. Ар бир адам ден соолугун коргоого жана медициналык камсыздандырууга укуктуу. Медициналык камсыздандыруу шарттары мыйзам менен аныкталат.

  2. Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттык сактоонун мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка мекемелерди өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.


Мамлекет медициналык мекемелердин кызматкерлери үчүн зарыл шарттарды түзөт жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылат.



  1. Жарандар мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин тармагынан акысыз пайдаланууга укуктуу.


Медициналык тейлөө, жеңилдетилген шарттарда тейлөөнү кошуп алганда мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.



  1. Кызмат адамдарынын адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган фактыларды жана жагдайларды жашыруусу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

  2. Жарандарды медициналык жактан акы төлөө менен тейлөөгө мыйзамда аныкталган негизде жана тартипте жол берилет.


44-берене



  1. Кыргыз Республикасында улгайган, ооруган, майып болгон жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон, багар-көрөрүнөн ажыраган учурларда мыйзамда каралган тартипте жана учурларда мамлекеттин эсебинен социалдык камсыз кылуу кепилденет.

  2. Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат.

  3. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин толук жана бирдей жүзөгө ашырууга, аларды эч кандай басмырлоосуз социалдык интеграциялоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга негизделген социалдык коргоо тутумунун иштөөсүн камсыз кылат.

  4. Мамлекет ыктыярдуу социалдык камсыздандырууну, социалдык камсыз кылуунун кошумча түрлөрүн түзүүнү жана кайрымдуулук иш-аракеттерди колдоого алат.

  5. Мамлекеттин социалдык иши жарандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш.


45-берене



  1. Ар бир адам турак жайлуу болууга укуктуу.

  2. Эч ким турак жайынан өзүм билемдик менен ажыратылышы мүмкүн эмес.

  3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай курууга көмөк көрсөтөт, турак жайга ээ болуу укугун ишке ашырууга шарт түзөт.

  4. Аз камсыз болгон жана муктаж адамдарга мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак жай фонддорунан же болбосо социалдык мекемелерден мыйзамда каралган негиздерде жана тартипте турак жай берилет.


46-берене



  1. Ар бир адам билим алууга укуктуу.

  2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.

  3. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу.

  4. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап орто жалпы билим берүү уюмдарына чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана башка бир чет тилди окуп-үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзөт.

  5. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формадагы окуу жайларын өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзөт.

  6. Мамлекет дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

  7. Мамлекет мыйзамда каралган тартипте жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.


47-берене



  1. Кыргыз Республикасында жаштарга руханий-маданий, адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүү укугу кепилденет.

  2. Мамлекет жаштардын билим алуусу жана жумуш менен камсыз болуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого, жаштардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана ишмердиктин башка чөйрөлөрүнө эркин катышуусуна багытталган жаштар саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат.


48-берене



  1. Ар бир адамга өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу, инсандыгын өнүктүрүү максатында илимий, техникалык, көркөм жана чыгармачылыктын башка түрлөрүнүн, окутуучулуктун жана окуунун эркиндиги кепилденет. Ар бир адам өз кызыкчылыгына жана жөндөмүнө жараша чыгармачылыктын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.

  2. Ар бир адам маданий турмушка катышуу жана маданият баалуулуктарына жеткиликтүүлүккө укуктуу.

  3. Мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.

  4. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот.


49-берене



  1. Ар бир адам жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу.

  2. Ар бир адам жаратылышты пайдалануу жаатындагы аракеттерден улам ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу.

  3. Ар бир адам курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоого жана аяр мамиле кылууга милдеттүү.


50-берене


Ар бир адам мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.


V ГЛАВА. ЖАРАНДЫК. ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ


51-берене



  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы — адам менен мамлекеттин өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан турган туруктуу укуктук байланышы.

  2. Бир дагы жаран өз жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамдардын башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык таанылат.

  3. Өзүнүн Кыргызстан элине таандыктыгын далилдеген ар бир адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.


Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.


Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.



  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту мамлекеттин менчиги болуп саналат.

  2. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт.

  3. Кыргыз Республикасы өз чегинен сырткары жүргөн жарандарын коргоого жана колдоого кепилдик берет.

  4. Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап туруу мүмкүндүгүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.


52-берене



  1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.

  2. Кыргыз Республикасы саясий себептер боюнча, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу жүйөсү менен куугунтукталган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга эл аралык милдеттенмелерге ылайык саясий баш паанек берет.


Саясий баш паанек алган адам башка мамлекетке өткөрүп берилбейт.


53-берене



  1. Коомдук жүрүш-туруш эрежелерин жана ченемдерин сактоо, коомдун кызыкчылыктарын урматтоо — ар бир адамдын милдети. Адамдын өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек.

  2. Ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай аракеттерди жана ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.

  3. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, абийирин жана ар-намысын урматтоого милдеттүү.


54-берене



  1. Ата Мекенди коргоо — Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.

  2. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзам менен белгиленген чектерде жана шарттарда аскердик кызмат өтөшөт. Аскердик кызмат өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен аныкталат.


VI ГЛАВА. АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫНЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНИН КЕПИЛДИКТЕРИ


55-берене


Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат жана кепилденет.


56-берене



  1. Мамлекет жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген тартипте камсыз кылат.

  2. Кыргыз Республикасында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбайт.

  3. Инсандын дене-боюна жана моралдык кол тийгистигине карата чектөөлөргө жасалган кылмыш үчүн жаза катары мыйзамдын негизинде гана соттун өкүмү боюнча жол берилет.

  4. Эч ким кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш.

  5. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам ар-намысы кемсинтилбеген адамгерчиликтүү мамиле жасалышына укуктуу.

  6. Талаптагыдай билдирилген жана ырасталган ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга карата медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларга тыюу салынат.


57-берене



  1. Ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот.

  2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүүлүгүнө карата ар кандай күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

  3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алгандыгынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.

  4. Күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер айыптоону негиздөө жана соттун чечимин чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

  5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарына каршы күбө болууга жана көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес.


58-берене



  1. Ар бир адам мыйзамда белгиленген учурларда сот арачыларынын катышуусу менен ишинин сотто каралышына укуктуу.

  2. Ар бир соттолгон адам ырайым кылууну жана жазасын жеңилдетүүнү суранууга укуктуу.

  3. Эч ким бир эле укук бузгандык үчүн эки жолу юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш.

  4. Ар бир соттолгон адам өз ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто каратууга укуктуу.

  5. Ар бир адам өзүнүн бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу.


59-берене



  1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийгистикке укуктуу.

  2. Эч ким кандайдыр бир жарандык укуктук милдеттенмесин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде гана эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

  3. Эч ким соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер жана тартиптер боюнча гана кармалышы, камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

  4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.


Ар бир кармалган адам кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн дароо, кармалган учурунан 48 саат өткөнгө чейин сотко жеткирилүүгө тийиш. Эгерде адамды кармоого негиз жок болсо, ал адам дароо бошотулууга тийиш.


Айрым учурларда кармап туруунун мындан кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.



  1. Кармалган ар бир адамга кармалышынын жүйөлөрү жөнүндө эч кечиктирилбестен билдирилиши жана анын укуктары түшүндүрүлүшү керек.


Кармалган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынат, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк, ошондой эле медициналык кароого жана дарыгердин жардамына укук берилет.



  1. Ушул берененин жоболорун бузуу менен кармалган же камакка алынган ар бир адам мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация төлөтүп алуу менен тарткан зыяндын ордун мамлекеттин эсебинен толтуртуп алууга укуктуу.


Билип туруп атайын мыйзамсыз жана негизсиз кармоо же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жазык жоопкерчилигине тартылат.


60-берене



  1. Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган аракет үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбашы керек. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же жеңилдетилсе, анда жаңы мыйзам колдонулат.

  2. Жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы аналогия боюнча колдонулбайт.


61-берене



  1. Ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет.

  2. Ар бир адам мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле бузулган укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга укуктуу.

  3. Мамлекет адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыз кылат.


Жарандык укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, ыйгарым укуктары жана иши мыйзам менен аныкталат.



  1. Ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.


62-берене



  1. Мамлекет адамдын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды жарыялоого кепилдик берет, бул аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналат.

  2. Конституцияда белгиленген укуктар жана эркиндиктер толук деп саналбайт, адамдын жана жарандын жалпы таанылган башка укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарат же азайтат деп чечмеленбөөгө тийиш.


63-берене



  1. Сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат.

  2. Мамлекет ар бир адамдын өздүк маалыматтарынын корголушуна кепилдик берет.


Жарандардын өздүк маалыматтарына жеткиликтүүлүк, аларды алуу мыйзамда каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат.


64-берене


Адвокаттардын өз алдынча башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатуранын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат.


65-берене


Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтпеген элдик нарк, салттар жана үрп-адаттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.


ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ


I ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ


66-берене



  1. Президент — мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт.

  2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат.

  3. Президент Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналат.

  4. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

  5. Президент ички жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чараларды көрөт.


67-берене



  1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

  2. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт.


68-берене



  1. Президент болуп 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

  2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.


Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.


69-берене



  1. Президент кызматына киришерде Кыргыз Республикасынын элине ант берет.

  2. Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.

  3. Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу ар кандай аракеттерин токтотот.


70-берене



  1. Президент:


1) Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт;


2) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт;


3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка мүчөлөрүнүн кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчтөрүн жана аларды кызматтан кетирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;


4) өзүнүн демилгеси же Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот;


5) аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;


6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын кызматка дайындайт жана бошотот;


7) Президенттин Администрациясын түзөт;


8) Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт;


9) Мамлекеттик катчыны кызматка дайындайт жана бошотот;


10) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кызматка дайындайт жана бошотот.



  1. Президент:


1) өзүнүн демилгеси же кеминде 300 миң шайлоочунун же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;


2) Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт; Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;


3) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган тартипте жана учурларда жергиликтүү кеңештерди таркатат; жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.



  1. Президент:


1) Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;


2) мыйзамдарга кол коёт жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;


3) элге, Жогорку Кеңешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасайт;


4) Жогорку Кеңешке жыл сайын өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет;


5) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакырууга жана каралуучу маселелерди аныктоого укуктуу;


6) Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу.



  1. Президент:


1) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;


2) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын кызмат ордунан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;


3) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;


4) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот;


5) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордуна дайындайт; Конституцияда жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотот;


6) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын орун басарларын дайындайт.



  1. Президент:


1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот;


2) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;


3) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамынын жарымына талапкерлерди шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;


4) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;


5) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.



  1. Президент:


1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкы жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;


2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;


3) ратификациялоо грамоталарына жана эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коёт;


4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат.



  1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.

  2. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, кызматка дайындайт жана бошотот.

  3. Президент:


1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда өзгөчө абал киргизүү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;


2) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу жаралганда согуштук абал жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;


3) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.



  1. Президент:


1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын ыйгарат;


2) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;


3) ырайым кылууну жүзөгө ашырат.



  1. Президент Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.


71-берене


Президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана тескемелерди кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат.


72-берене



  1. Президент арызы боюнча кызматынан кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

  2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдетин аткара албай калганда, Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.


73-берене



  1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

  2. Президент төмөнкү негиздер боюнча кызматтан четтетилиши мүмкүн:


— Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн;


— Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлигинин органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн.



  1. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынышы керек, ал Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет.

  2. Президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен ырасталган Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айыптоонун жана айып коюунун белгиленген тартиби сакталгандыгы жөнүндө Конституциялык соттун корутундусунун негизинде Президент кызматтан четтетилиши мүмкүн.

  3. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы айып коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелет.


74-берене



  1. Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат.

  2. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда, Президенттин ыйгарым укуктарын Министрлер Кабинетинин Төрагасы аткарат.

  3. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда, Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучу конституциялык мыйзам менен аныкталат.


75-берене



  1. Конституцияда белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген статуска ээ болушат.

  2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.


II ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ


76-берене



  1. Жогорку Кеңеш — Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган.

  2. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.


Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.


Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.



  1. Жогорку Кеңештин депутаты конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда чакыртылып алынышы мүмкүн.

  2. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алышат.


77-берене



  1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.

  2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.

  3. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат.

  4. Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.


78-берене



  1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.

  2. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигин мамлекеттик же муниципалдык башка кызмат менен айкалыштыра албайт. Ал ишкердикти жүзөгө ашырышы, коммерциялык уюмдун органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.


Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.


79-берене



  1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

  2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:


1) депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын бергенде;


2) жарандыктан чыкканда, башка мамлекеттин жарандыгын алганда;


3) депутаттык мандатты чакыртып алганда;


4) башка ишке өткөндө же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;


5) шайлоолор жараксыз деп табылганда;


6) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде;


7) депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;


8) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;


9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болгондо;


10) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;


11) депутат каза болгондо.



  1. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынган Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.


80-берене



  1. Жогорку Кеңеш:


1) Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;


2) мыйзамдарды кабыл алат;


3) мыйзамдарга расмий чечмелөө берет;


4) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;


5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;


6) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет;


7) республикалык бюджетти бекитет;


8) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчётун угат;


9) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт;


10) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.



  1. Жогорку Кеңеш:


1) Президенттик шайлоону дайындайт;


2) Конституцияда каралган тартипте Президентке референдум өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет.



  1. Жогорку Кеңеш:


1) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын шайлайт; Конституцияда, конституциялык мыйзамда каралган учурларда Президенттин сунуштамасы менен аларды кызмат ордунан бошотот;


2) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындоо үчүн Президент тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет;


3) Конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, Президенттин сунуштамасы боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотууга макулдук берет;


4) конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитет;


5) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотот;


6) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымын Президенттин сунуштамасы боюнча, ал эми жарымын өзүнүн демилгеси менен шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотот;


7) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин Президенттин сунуштамасы, үчтөн экисин өзүнүн демилгеси менен шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотот;


8) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызмат ордунан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;


9) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызмат ордунан бошотот; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;


10) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;


11) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.



  1. Жогорку Кеңеш:


1) конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;


2) согуш жана тынчтык, согуш абалын киргизүү, согуштук абалды жарыялоо маселелерин чечет, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;


3) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;


4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;


5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын уюштурат.



  1. Жогорку Кеңеш:


1) Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;


2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угат;


3) Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчётторун угат.



  1. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коёт; Президентти кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

  2. Жогорку Кеңеш Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.


81-берене



  1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.

  2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:


1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;


2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;


3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коёт;


4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Элдик Курултай, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, сот бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;


5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролду жүзөгө ашырат;


6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.


Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке жыл сайын отчёт берет.


Жогорку Кеңештин Төрагасы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.


82-берене



  1. Жогорку Кеңеш депутаттардын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт.

  2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдойт.

  3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.

  4. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызмат орундарына дайындоо жана бошотуу тиешелүү комитеттердин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин жыйналышында жүргүзүлөт.


83-берене



  1. Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

  2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык өткөрүлөт.

  3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат.

  4. Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, укуктуу болот.

  5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын жеке өзүнүн добуш берүүсү менен кабыл алынат.


84-берене



  1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

  2. Президент Жогорку Кеңеш таркатылган күндөн тартып беш күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.


85-берене


Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:


1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);


2) Президентке;


3) Жогорку Кеңештин депутаттарына;


4) Министрлер Кабинетинин Төрагасына;


5) өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку сотко;


6) Элдик Курултайга;


7) өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Башкы прокурорго.


86-берене



  1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

  2. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

  3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

  4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.


Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери, эгерде Конституцияда башкача каралбаса, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.



  1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.


87-берене



  1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 жумушчу күндүн ичинде кол коюу үчүн Президентке жиберилет.

  2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коёт же өзүнүн каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кароого кайтарат.

  3. Эгерде каршы пикир менен кайтарылган мыйзам кайра каралганда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, келип түшкөн күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде мындай мыйзамга Президент кол коюуга тийиш.


88-берене


Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башка мөөнөт каралбаса, мыйзам расмий басма сөз органында расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


III ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ


89-берене



  1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жүзөгө ашырат.

  2. Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын Президент аныктайт.


Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.



  1. Президент конституциялык мыйзамдын негизинде аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, Министрлер Кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн кызматынан убактылуу четтетет.

  2. Президент Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат.

  3. Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет.

  4. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылса, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.


90-берене



  1. Министрлер Кабинети Төрагадан, Төраганын орун басарларынан жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнөн турат.


Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат.



  1. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Конституцияга, конституциялык мыйзамга жана Президенттин жарлыктарына ылайык Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүн уюштурат.


Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгү үчүн Президенттин алдында жоопкерчилик тартат.


91-берене



  1. Министрлер Кабинети:


1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;


2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырат;


3) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;


4) мамлекеттин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;


5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;


6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат;


7) менчиктин бардык түрлөрүнүн өнүгүшү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;


8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;


9) экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;


10) тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырууну камсыз кылат;


11) жарандык коом менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;


12) Конституцияда жана мыйзамдарда өзүнө таандык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Министрлер Кабинетинин ишинин уюштурулушу жана тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.


92-берене



  1. Президент өз демилгеси менен Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу.

  2. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Кызматтан кетүүсү Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.


Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызматтан кетүүсү жалпы Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсүнө алып келбейт.



  1. Министрлер Кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамы өз милдеттерин аткарууну улантат.

  2. Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президентинин кызматка киришүүсү Министрлер Кабинетинин бардык курамынын ыйгарым укуктарын токтотот.


93-берене



  1. Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация жүзөгө ашырат.

  2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын уюштурулушу жана иши мыйзам менен аныкталат.

  3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт.

  4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдери тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылат.


IV ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ


94-берене



  1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат.


Мыйзамда каралган тартипте жана учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.



  1. Сот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана мыйзамда каралган башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.

  2. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Конституциялык соттон, Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.


Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.


Атайын өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.



  1. Соттордун уюштурулушу жана иш тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.


95-берене



  1. Судьялар көз карандысыз, Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.

  2. Судья кол тийгис укугуна ээ жана кылмыш жасаган жеринен тутулган учурларды кошпогондо, кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө же жеке текшерилүүгө жол берилбейт.

  3. Эч кимдин конкреттүү иш боюнча судьядан отчёт талап кылууга укугу жок.


Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишине ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.



  1. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.

  2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат.


Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес, анын ичинде судьялык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.



  1. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары курагынын чегине жеткенге чейин шайланат.

  2. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары Президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.


Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын орун басарлары Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын сунуштамасы боюнча Президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.



  1. 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.


Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, андан кийин курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагасын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.



  1. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары үчүн белгилүү бир чектөөлөр белгилениши мүмкүн.


96-берене



  1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүш-турушу кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьянын кынтыксыздык талаптарды бузуусу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяны жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болот.

  2. Жергиликтүү соттун судьясы кынтыксыздык талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.


Конституцияда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аталган негиздер боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат орундарынан Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.


Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан бошотуу Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан жүзөгө ашырылат.


Кынтыксыз жүрүм-турумдун талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьялык кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген судьялык жана укук коргоо органдарындагы кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.



  1. Судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны конституциялык мыйзамга ылайык дайындаган орган тарабынан төмөндөгү негиздер келип чыккан күндөн баштап мөөнөтүнөн мурда токтотулат:


— судья каза болгондо;


— курагынын чегине жеткенде;


— өз ыктыяры менен кызматынан кеткенде же башка ишке которулганда;


— аны өлгөн же дайынсыз деп жарыялаганда;


— аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;


— жарандыктан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;


— кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда.



  1. Судьяларды кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана башка жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

  2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

  3. Жергиликтүү соттун судьясын которууну (ротация) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.

  4. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси судьялардан, үчтөн бири Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.

  5. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин уюштурулушу жана иши, ыйгарым укуктары жана түзүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.


97-берене



  1. Конституциялык сот конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу максатында конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

  2. Конституциялык сот:


1) Конституцияны расмий чечмелеп берет;


2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет;


3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет;


4) мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечет;


5) ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет;


6) Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.



  1. Ар бир адам Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик актыларда бузулду деп эсептесе, алардын конституциялуулугун талашууга укуктуу.

  2. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

  3. Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот чечимдерин кошпогондо, конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.


Конституциялык сот тарабынан мыйзам алдындагы актылардын же алардын бөлүктөрүнүн конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат.



  1. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негизделген сот чечимдери ар бир конкреттүү учурда укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирилген жарандардын даттануулары боюнча сот тарабынан кайра каралат.

  2. Конституциялык соттун курамы жана түзүү тартиби, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.


98-берене



  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сот бийлигинин эң жогорку органы болуп саналат.

  2. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот процессинин катышуучуларынын кайрылуулары боюнча мыйзамда аныкталган тартипте сот чечимдерин кайра кароону жүзөгө ашырат.

  3. Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.

  4. Жогорку соттун чечимдери акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.


99-берене



  1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.


Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.



  1. Сот тутумунун бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана республикалык бюджетке киргизилет.


100-берене



  1. Бардык соттордо иштерди териштирүү ачык жүзөгө ашырылат. Ишти жабык жыйналышта угууга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.

  2. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт.

  3. Сот өндүрүшү тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат.

  4. Сот чечимин жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

  5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, ошондой эле соттордун чечимдери менен укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар жактардын укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.


101-берене



  1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

  2. Сот өзү кабыл алган сот чечимдеринин жана жеке аныктамаларынын аткарылышын контролдойт.

  3. Сот чечимдерин аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аткарууга тоскоолдук кылуу мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.


102-берене



  1. Сот Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз.

  2. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Конституциялык сотко суроо-талапты жиберет.


103-берене



  1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.

  2. Кыргыз Республикасында судьялардын съезди, Судьялар кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.


Судьялардын съезди соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат.


Судьялар кеңеши судьялардын съезддеринин ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди караган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.


Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болуп саналат.



  1. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу жана иш тартиби мыйзам менен аныкталат.


104-берене


Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт.


V ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН СТАТУСУ БАР МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ


105-берене


Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.


Прокуратура органдары кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.


106-берене


Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумун көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.


107-берене


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат.


108-берене


Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт.


109-берене


Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.


110-берене


Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ишинин уюштурулушу жана тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери конституциялык мыйзамдар менен аныкталат.


ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ


111-берене



  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу — жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарына жараша жана жоопкерчилик менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.

  2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.

  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

  4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат.

  5. Мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу маселелериндеги көз карандысыздыгын кепилдейт.


Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.


112-берене



  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өкүлчүлүктүү органдардан жана аткаруу органдарынан турат.

  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын жетекчилери өз иштеринде өкүлчүлүктүү органдарга отчёт беришет.


113-берене



  1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

  3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:


1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;


2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитет;


3) мыйзамдарда каралган учурларда жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.


114-берене



  1. Мамлекеттик органдар мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.

  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды берүү менен өткөрүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде өткөрүп берилиши мүмкүн. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчёт беришет.

  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

  4. Мамлекеттик органдардын чечиминен келип чыккан жергиликтүү бюджеттин кошумча чыгымдарынын ордун толтурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына соттук коргоо кепилдиги берилет.


115-берене



  1. Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу.

  2. Аксакалдар соттору иштерди мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына ылайык тараптарды жараштыруу жана мыйзамдарга каршы келбеген адилет чечимдерди чыгаруу максатында карайт.

  3. Аксакалдар сотторунун чечимдери мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

  4. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

  5. Аксакалдар сотторун түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгү мыйзам менен аныкталат.


БЕШИНЧИ БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛУУНУН, ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ


116-берене



  1. Конституция 300 миңден кем эмес шайлоочулардын же Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Президент тарабынан дайындалган референдумда кабыл алынышы мүмкүн.

  2. Конституциянын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор 300 миңден кем эмес шайлоочулардын же Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Президент тарабынан дайындалган референдумда кабыл алынышы мүмкүн.

  3. Конституциянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.


Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алат.


Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 айлык аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн корутунду берет.

  2. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда Конституцияны кабыл алуу жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.

  3. Конституцияны кабыл алуу, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга Президент тарабынан кол коюлат.

  4. Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Конституциянын жаңы редакциясы болушу мүмкүн.










Кыргыз Республикасынын ПрезидентиС.Н. Жапаров