KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Бакыт Курманалиев: “Эң негизгиси – курулуштарды сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү керек”

20 октября 2025

2025-жылдын 16–17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жетектеген делегациянын курамында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы сот имараттарынын курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.


Иш сапардын алкагында директор Ала-Бука, Аксы, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондук сотторунун курулуп жаткан объектилерин, ошондой эле Ош шаарында курулушу пландалып жаткан Сот адилеттик үйүнүн аянтын көрүп чыкты.


Текшерүүнүн жыйынтыгында Бакыт Курманалиев подряддык ишканаларга аткарылып жаткан иштердин сапаты жана мөөнөттөрүн сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ал ар бир жаңы имарат коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча заманбап стандарттарга ылайык болушу керектигин белгиледи.


«Сот инфраструктурасын модернизациялоо — бул жөн гана жаңы имараттарды куруу эмес, бул ачык, жеткиликтүү жана адилеттүү сот ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү камсыз кылууга шарт түзүү болуп саналат. Сот департаменти бардык долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну жана натыйжалуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу боюнча системалуу ишин улантат», — деп баса белгиледи Бакыт Курманалиев.