KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин директору Нарын жана Чүй облустарындагы соттук инфраструктура объекттеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты

15 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2026-жылдын аягына чейин соттук инфраструктура объекттерин куруу жана оңдоо иштерин аяктоо боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев баштаган делегациянын курамында Нарын жана Чүй облустарына иш сапары менен барды.


Иш сапардын максаты – жергиликтүү соттордун административдик имараттарын куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө, ошондой эле жер-жерлердеги сот мекемелеринин материалдык-техникалык абалына баа берүү. Иш сапардын жүрүшүндө делегация Нарын облусунун Ат-Башы жана Кочкор райондорундагы курулуш аянтчаларында болуп, ошондой эле Нарын шаарындагы Адилет үйүн куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен таанышты.


Чүй облусунда Ысык-Ата, Москва жана Сокулук райондорундагы соттук инфраструктура объекттери каралды. Сот системасынын жетекчилери сотторду натыйжалуу иштөө үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылууга, ошондой эле жарандар үчүн жеткиликтүү жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту.


Сот системасын чыңдоо боюнча улуттук саясаттын алкагында соттордун материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана судьялар менен аппарат кызматкерлери үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ экендиги белгиленди.


Иш сапардын жыйынтыгы боюнча жооптуу адамдарга курулуштун темпин тездетүүгө, жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын камсыздоого жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоого багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.


Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу калк үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатууга жана өлкөнүн сот системасына болгон жарандардын ишенимин бекемдөөгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.


Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Жогорку сотко караштуу Сот департаменти соттук инфраструктураны модернизациялоо боюнча системалуу ишти улантат.