KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чүй облусунун Сот приставдар кызматынын сот приставдары салтанаттуу түрдө ант беришти

16 октября 2025

2025-жылдын 15-октябрында Чүй облусу боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнө жаңы дайындалган сот приставдарынын ант берүү аземи болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Сот приставтар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык уюштурулду.


Салтанаттуу иш-чарада Чүй облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Токтобек Абельдиев жаңы дайындалган кызматкерлердин антын кабыл алып, аларга кызматтык төш белгилерин тапшырды.


Ант берүү – сот приставы кызматына талап кылынган жогорку жоопкерчилик жана мыйзамдуулук принциптерин бекем сактоого болгон даярдыктын белгиси болуп саналат. Бул салт мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик жана моралдык жоопкерчилигин арттыруу максатында өткөрүлөт.