KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот тутумунун Маалыматтарды иштетүү борборун колдоо жана техникалык тейлөө маселелери талкууланды

17 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинде «Түндүк» ААКнын Сот тутумун санариптештирүү департаменти менен Сот департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууда сот тутумунун Маалыматтарды иштетүү борборун (МИБ) мындан аркы коштоп туруу, техникалык колдоо жана жабдууларды тейлөө маселелери талкууланды.


Иш чарада Маалыматтарды иштетүү борборунун учурдагы инфраструктурасынын абалы, жооптуу органдардын өз ара аракеттенүү механизмдери, техникалык колдоону жакшыртуу жана жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо боюнча пландар каралды.


Жолугушуунун жыйынтыгында Маалыматтарды иштетүү борборунун туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттердин негизги багыттары аныкталып, тиешелүү кадамдар иштелип чыкты. Бул сот тутумунун эффективдүүлүгүнө жана ачыктыгына түздөн-түз таасир этет.


Талкууга Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов, Сот департаментинин ресурстарды башкаруу башкармалыгынын башчысы Нургул Казымалиева, «Түндүк» ААКнын Сот тутумун санариптештирүү департаментинин директору Апсамат Мурзакматов, анын орун басары Асен Калиев жана эки мекеменин башка жооптуу кызматкерлери катышышты.