2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери сот приставдары менен биргеликте Нарын облусунун тургуну Мирбүбү апаны жана анын сиңдисин Эл аралык карылар күнү менен куттукташты.
Мекеменин өкүлдөрү карылардын ден-соолугунан кабар алышып, аларга азык-түлүк себеттерин тапшырып, материалдык жардам көрсөтүштү.
Аталган саамалык коомубуздагы карылардын көп жылдык үзүрлүү жана түйшүктүү эмгегине, коомдун өнүгүшүнө кошкон салымына ыраазычылык билдирүү иретинде уюштурулду. Мындай демилгелер коомдогу моралдык баалуулуктарды чыңдоого өбөлгө түзүп, жаш муунга улууларга урмат-сый менен мамиле кылуунун жана камкордук көрсөтүүнүн үлгүсүн көрсөтөт. Сот департаменти мындан ары да коомдук жана социалдык маанидеги иш-чараларды өткөрүүнү улантат.