Каракол шаарынын «Ынтымак Арена» стадионунда Ысык-Көл облусунун сот приставдары дене-тарбия даярдыгы боюнча сынак тапшырышты.
Иш-чарага Ысык-Көл облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Актилек Рыскулов, Ысык-Көл облусунун жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Самат Турдубеков жана Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.
Сынактын алкагында сот приставдары 100 метрге чуркоо, 3000 метрге чуркоо, тартылуу, жерден түртүнүү (отжимание) жана чыдамкайлык боюнча көнүгүүлөрдү жаш курагына жана аныкталган мөөнөттөргө ылайык аткарышты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Самат Турдубеков сынакты жогорку деңгээлде тапшырган кызматкерлерди баалап, атайын төш белгилер менен сыйланышты.
Ушундай эле иш-чара Нарын облусунда да өткөрүлүп, анда сот приставадары дене тарбия боюнча сынакты белгиленген талаптарга ылайык ийгиликтүү тапшырышты.
Бул демилге кызматкерлердин спортко болгон кызыгуусун арттырууга, дене-тарбия менен үзгүлтүксүз алектенүүнүн маанисин белгилөөгө багытталган. Анткени спорт – күчтүн, энергиянын, тартиптин булагы жана ийгиликке жетүүнүн негизи.