Бүгүн, 2025-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Канат Осмоновдун жетекчилиги алдында борбордук аппараттын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышышты.
Ишембилик иш-чарасынын алкагында кызматкерлер Бишкек шаарынын Ленин районундагы А. Чортеков көчөсүн — И. Ахунбаев көчөсүнөн баштап С. Айни көчөсүнө чейинки аралыкты тазалап, таштандылардан жана куураган чөптөрдөн арылтышты. Бул аймакты тазалоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп, Сот департаментине бекитилген.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана КР Конституциялык соту боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары Жогорку соттун айланасын тазалап, таштандыларды чыгарып, бөлүнүп берилген жер тилкесин ирээтке келтиришти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы дагы бекитилген аймакты санитардык тазалоого активдүү катышты.
Башкармалыктын кызматкерлери ишембиликке чыгып, аймакты тазалоо жана ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүштү. Аталаган иш-чара санитардык абалды жакшыртууга, тазалыкты сактоого жана регион тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, бул ишембилик мамлекет башчысынын “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.